«Анча оор эмес кылмыш». Сот S-LINE кооперативинин жетекчисин үй камагына чыгарды

Ош шаардык соту 17-мартта эки айга камакка алынган S-LINE турак жай кооперативинин жетекчиси Бактыбек Аалиевдин баш коргоо чарасын үй камагына өзгөрттү. Бул тууралуу «Клоопко» Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Айпери Туратбек кызы билдирди.

Анын айтымында, Аалиевдин иши «анча оор эмес кылмыштын түрүнө киргендиктен» эки айга үй-камагына чыгарылат. Туратбек кызы Аалиевдин 22-мартта каралганын, ал тергөө иштери аяктаганча үй камагында болорун кошумчалады.

«Тергөөчүлөр сотко ишенбөөчүлүк көрсөтүшүп, Аалиевдин ишин кайрадан башка сот карады. Мурда зыяндын өлчөмү 40 миллион деп туура эмес эсептелген экен. Негизи жети миллион сом зыян келтирилиптир. Бул ал анча оор эмес кылмыш болгондуктан сот үй камагына чыгарды», — деп билдирди облустук соттун басма сөз катчысы.

Соттун чечими менен Аалиевге таандык S-LINE турак жай кооперативинин кеңсеси жана үйү да камакка алынды.

Шектүү. Сүрөт: Ош ШИИБдин басма сөз кызматы.

Буга чейин, 17-мартта Аалиевдин баш коргоо чарасы каралып жатканда сот имаратынын алдына 10дон ашык жабырлануучу нааразычылык акциясына чыккан. Алар S-LINE’дын ишмердүүлүгүн токтотууну жана Аалиевди жазалоону талап кылышкан.

Бактыбек Аалиев «Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу» беренеси боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында 15-мартта Ош ШИИБи тарабынан кармалган.

Маалыматка ылайык, S-LINE кооперативинин жетекчисинин үстүнөн убадаланган үйдү ала албай жүргөн 24 кишиден арыз түшкөн. Арыздангандар адегенде кооперативге кирүү үчүн 218 миӊ сом акча төлөп, андан соӊ ай сайын үйдүн баасынын 25%, 35% жана 50% чейинки төлөмдөрүн төгүп турганын айтышкан.

Милициядан аталган кооператив «алдамчылык менен алектенген финансылык пирамида катары» иш жүргүзүүгө шектелип жатканын билдиришкен. Ошондой эле зыяндын өлчөмү 40 млн сомдон ашуун каражатты түзөрүн айтылган.

S-LINE кооперативи

Буга чейин журналист Улукбек Карыбек уулу Ош шаарындагы турак жай кооперативдери тууралуу иликтөө жарыялаган. Анда кооперативдерге акча салып, бирок үйгө жетпей калган жүздөгөн жашоочу окуяларын айтып берген.

Иликтөөдө жабырлануучулардын бири акчасын кайтара албагандыктан кооперативдин директору Бактыбек Аалиевдин үстүнөн укук коргоо органдарына арыз жазганын билдирген. Аалиевдин үстүнөн жалпы алты арыз түшкөн. Бирок жабырлануучулар милиция ишти жакшы тергебей жатканына нааразы болушкан.

Ал эми Бактыбек Аалиев журналистке курган маегинде, учурда S-Line’дын ишмердүүлүгү убактылуу токтогонун билдирген. Анын айтымында, кооперативге карата 2021-жылдын октябрь айынан тарта тергөө жүрүп, уюмдун негиздөөчүлөрүнүн ортосунда «түшүнбөстүктөр болуп жатат».

«Ар ким өз убактысында, үй ала тургандар үй, акчасын ала тургандар акчасын алат. Эч ким эч жакка качкан жок, эч кимдикин бербей койгон жок, анан “үй алат, унаа алат, чет жака чыгып кетет” дегени…бул менин жеке өзүмдүн акчам, мен аларды элден сурап туруп кылбайм да. Мен ага чейин деле [чет өлкөлөргө] чыгып жүргөн адаммын [...] Биздин кооперативге эми бир жыл болуп жатат*. Келишим боюнча салымчылар бир жылда [турак жайды] алышат, эми убактылары келди», — деген ал.

Юстиция министрлигинин базасына ылайык, S-Line кооперативи 2020-жылдын сентябрь айында каттоодон өткөн. Анын башчысы катары Бактыбек Аалиев көрсөтүлгөн. Ал эми компанияны Аалиевди кошкондо сегиз адам негиздеген.

Тема боюнча:

Ош шаардык соту Бактыбек Аалиевди тергөө иштери аяктаганга чейин камакта калтырды

Ошто S-LINE кооперативинин жетекчиси Бактыбек Аалиев кармалды