Temirov Live Салык кызматынын жаңы төрага орун басары менен Акылбек Жапаровдун байланышын таап чыкты

Акылбек Жапаров / Исламбек Кыдыргычов

Temirov Live ютуб-каналынын иликтөөчү журналисттери Салык кызматынын жаңы дайындалган төрага орун басары Исламбек Кыдыргычовдун Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров менен байланышын таап чыгышты. 26 жаштагы Кыдыргычов аталган кызматка 25-мартта дайындалган.

Журналисттер Исламбек Кыдыргычовдун атасы Намызбек Кыдыргычов минкабдын төрагасынын бир тууган карындашы Акылай Жапарова менен бирге окуганын аныкташты. Кыдыргычов жана Жапарова 1977-1987-жылдары Нарын облусунун Кочкор районундагы «40 жыл ВЛКСМ» мектебинде бир класста окушкан — бул мектепте Акылбек Жапаров өзү да билим алган.

Ошондой эле иликтөөчүлөр Жапарова «Одноклассники» социалдык тармагында Гүлзат Исагулованы «жакын адам» катары көрсөткөнүн байкашкан — ал Исламбек Кыдыргычовдун апасы.

Мындан сырткары, журналисттер Кыдыргычов Салык кызматындагы карьерасын 2016-жылы ага инспектор катары баштаганына көңүл бурушту. Ал эми 2021-жылдан тарта Кыдыргычов президенттин администрациясында эксперт болуп иштеп келген. Ал эми Акылбек Жапаров 2021-жылдын июнь айында Министрлер кабинетинин төрага орун басары болуп дайындалган.

Кыдыргычов 26-мартта Kaktus.Media басылмасына курган маегинде бул кызматты ага Акылбек Жапаров сунуштаганын билдирген. Ошол эле учурда Кыдыргычов бул кызматка «тууганчылык байланыштардын» жардамы менен келбегенин белгилеген.

Бул Temirov Live’дын Акылбек Жапаров менен байланышы бар адамдар жогорку кызматтарга дайындалганы тууралуу биринчи иликтөөсү эмес. 2021-жылдын октябрь айында иликтөөчүлөр Түндүк-Чыгыш бажысынын жаңы жетекчиси Нурбек Алимов Жапаровдун кудасы болгонун аныкташкан.

Журналисттер Алимовдун карьерасы 2020-жылы бийлик алмашкандан кийин өскөнүн белгилешкен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Temirov Live: Түндүк-Чыгыш бажысынын жаңы жетекчиси Акылбек Жапаровдун кудасы