Temirov Live: Түндүк-Чыгыш бажысынын жаңы жетекчиси Акылбек Жапаровдун кудасы

Акылбек Жапаров / Нурбек Алимов

Үстүбүздөгү жылдын июль айында Түндүк-Чыгыш бажысына жетекчи болуп дайындалган Нурбек Алимов Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кудасы болуп чыкты. Бул тууралуу Temirov Live’дын журналисттери даядаган иликтөөдөн белгилүү болду.

Журналисттер Алимовдун карьерасы 2020-жылы бийлик алмашкандан кийин өскөнүн аныкташты.

Мисалы, Алимов өткөн жылдын ноябрь айында «Түндүк» темир жол бажысында Бажылык каттоо борборунун башкы инспектору болуп иштеп, бир айдан кийин эле Түндүк-Чыгыш бажысынын «СЭЗ Бишкек» борборун жетектеп баштаган.

Ал эми 2021-жылдын июнь айында ал Бажы кызматынын ички коопсуздукту камсыздоо жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысынын милдет аткаруучусу болгон.

«2021-жылдын июль айында Алимов Түндүк-Чыгыш бажысынын башчысы болуп дайындалган. Ал убакытта Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин төрага орун басары кызматын аркалап турган», — деди журналист Актилек Капаров.

Temirov Live'дан алынган скрин

Temirov Live’дын маалыматына караганда, Акылбек Жапаровдун бир тууган иниси Рахатбек Жапаров Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары. Ал эми Рахатбек Жапаровдун аялы Нургүл Алимова бажычы Нурбек Алимовдун бир тууган эжеси.

Кызматтагы кудалар жана «өкүл балдар»

Президент Садыр Жапаров 2020-жылдын 21-октябрында эки кудасын жогорку мамлекеттик кызматтарга дайындаган. Атап айтканда «Унаа» мамлекеттик ишканасына Турусбек Түмөнбаев келсе, Миграция иштери боюнча мамлекеттик кызматтын башчылыгына Таштанбек Каймазаров барган.

Түмөнбаев Садыр Жапаровдун бир тууганы Акат Жапарованын, ал эми Таштанбек Каймазаров эжеси Райкүл Жапарованын кудасы. Кийинчерээк Жапаров бул маалыматты тастыктап, кудаларын бул кызматтарга «туруктуулукту сакташ үчүн» койгонун айткан.

Үстүбүздөгү жылдын 13-сентябрында Түмөнбаев 527 млн сомдук тендерге байланыштуу чуунун алдында кызматынан бошотулган.

Ошондой эле, Жапаров тарапташы, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин «өкүл баласы» Абсаттар Сыргабаевди Жалал-Абад облусунун башчысы кылып дайындаган.

Ал эми Ташиевдин баласы Таймурас Жалал-Абад шаардык кеңешке депутат болуп шайланып, бир жыл өтпөй мандатын тапшырган. Мындан сырткары, атайын кызматтын башчысынын бир тууган иниси Шайырбек Ташиев парламенттик шайлоого №14 Жалал-Абад шайлоо округунан катышууда. 28-октябрда Боршайком Ташиевге «алдын ала үгүт жүргүзүү» үчүн жазуу түрүндө эскертүү берди.