Украинадагы согушта каза болгон жоокердин сөөгү Кара-Балтада жерге берилди

Украинадагы согушта каза болгон Рустам Зарифулиндин сөөгү 27-мартта өзү туулуп-өскөн Кара-Балта шаарында жерге берилди. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына Кыргызстан менен Орусиянын аскер кызматкерлери жана жакындары катышты.

Маалыматка ылайык, 26 жаштагы кыргыз атуулу Зарифулин 14-мартта каза болгон. Маркумдун сөөгү 26-мартта Канттагы Орусиянын аба базасы аркылуу Кыргызстанга алынып келген.

Зарифулин Кара-Балта шаарында туулуп-өскөн. Мектепти бүтүргөндөн кийин Орусиянын жарандыгын алып, аталган өлкөнүн армиясында келишимдик негизде кызмат өтөп жүргөн. Анын ата-энеси жана бир туугандары Кара-Балта шаарында жашайт.

Орусия Украинадагы согушта Кыргызстанда туулган эки кишинин каза болгонун тастыктады. Буга чейин 25-мартта Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында 19 жаштагы Эгемберди Дорбоевдин сөөгү жерге берилген. Ал 2021-жылы күзүндө орус армиясына кызмат өтөөгө чакыртылып, кийин Украинадагы согушка жиберилген.