Чүйдө пенсионер аялды өлтүрүүгө шектелген киши кармалды

Чүй облусунун Жайыл райондук милициясы 64 жаштагы кошунасын өлтүрүүгө шектелген жаранды кармады. Бул тууралуу Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 26-мартта милиция кызматкерлери Новониколаевка айылындагы үйлөрдүн биринен аялдын зордук менен өлтүрүлгөн белгилери бар сөөгүн табышкан. Факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Адам өлтүрүү» беренеси менен катталган.

Укук коргоо орган кызматкерлери 41 жаштагы Д.П аттуу шектүүнү кармап, Жайыл РИИБнин убактылуу кармоо жайына киргизишкен. Тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Кыргызстанда аялдардын өлтүрүлүшү

Дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча глобалдык индексине ылайык (WPS Index), Кыргызстан Борбор Азия боюнча аялдар үчүн эң кооптуу өлкө экени аныкталган.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, дээрлик он жыл ичинде «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча аялдардын киши колдуу болгонуна байланыштуу 762 кылмыш иши козголгон. Бул өлтүрүүлөрдүн көбүн эркектер кылган — орточо эсеп менен ал он кылмыштын сегизин түзөт. Ошол эле учурда эркектерди да, аялдарды да өлтүрүү учурларынын 10%ын аялдар жасашат жана негизинен алар мындай кадамга эркектерден коргонуп жатып барышат.

*Фемицид— адатта эркектердин кыз-келиндерди жек көргөндүктөн, гендердик басмырлоонун натыйжасында жана/же мамлекет гендердик зордук-зомбулукка билип туруп көз жумуп койгондугу үчүн өлтүрүлүшү.

Тема боюнча окуңуз:  

«Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү

Кыргызстанда аялдарды көбүнчө кимдер зордуктайт? График менен көрсөтүп беребиз