Саламаттык сактоо министрлиги Исманкуловдун клиникасы жайгашкан имаратты оңдоп баштады

Бишкекте №2 көп тармактуу клиникалык оорукананын имаратында оңдоо иштери башталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Министрликтен «Исманкуловдун Көз микрохирурхиясы» жеке клиникасы жайгашкан экинчи корпустун фасады оңдолорун айтышты. Оңдоо иши 15-15 күндүн ичинде аяктары айтылды.

«Аталган корпус неврологиялык, терапевттик жана кардиологиялык бейтаптарды кабыл алуу үчүн койкалардын санын көбөйтүү максатында зарыл, себеби учурдагы керебет фонду Бишкек шаарынын калкы үчүн өтө жетишсиз. Бейтаптар профили боюнча ооруканага жатуу үчүн узак күтүп калууга аргасыз болуп жатышат», — деп түшүндүрүштү министрликтен.

Мындан тышкары, Саламаттык сактоо министрлигинен «Исманкуловдун көз микрохирургиясы» жеке менчик клиникасына Бишкек мэриядан ижара келишими бузулганы тууралуу кабар берилгенин, бирок «ижарага алган тарап бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттик органдардын талабын аткарбай жатканын» кошумчалашты.

Исманкуловдун клиникасына байланыштуу чуу

10-мартта министр Бейшеналиев Алмазбек Исманкуловдун клиникасына келип, кызматкерлерден имаратты бошотуп кетүүнү талап кылган. Бишкек мэриясы №2 көп тармактуу оорукананын экинчи корпусунда жайгашкан Исманкуловдун клиникасы менен ижара келишимин бузган.

Бейшеналиев клиникага келген учурда Исманкуловдун өзү менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Министр телефондон Исманкуловду «далдыр» деп атап, эгер имаратты бошотпосо «бирди көрөрүн» айткан.