УКМК Чек ара кызматынын Баткендеги өкүлдөрүн пара опузалоого шектеп кармады

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 28-мартта Чек ара кызматынын Баткен облустук кызматкерлерин пара опузалоого шектеп кармады.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Кадамжай районундагы Пүлгөн айылында жайгашкан «Кадамжай» көзөмөл-өткөрмө бекетинин кызматкерлери товар ташыган айдоочулардан пара опузалап, такай акча алып жүргөнү белгилүү болду.

Бул факты боюнча «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш иши козголуп, Баткен прокуратурасы, УКМК жана Аскер прокуратурасынын кызматкерлеринен турган ведомстволор аралык тергөө тобу түзүлдү.

Далилдердин негизинде «Кадамжай» көзөмөл-өткөрмө бекетинин төрт көзөмөлдөөчүсү, нөөмөт бөлүмүнүн башчысы, ошондой эле коррупциялык схемага аралашкан ортомчу кармалды.

Шектүүлөр Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Атайын кызмат коррупцияга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Буга чейин, 26-февралда атайын кызмат «Ак-Тилек-Автодорожный» көзөмөл-өткөрмө бекетине жакын жайгашкан Мамлекеттик салык кызматынын жана салмак-габариттик көзөмөл пунктундагы кызматкерлерди пара опузалоого шектеп кармаган.

Кармалган кызматкерлер айдоочулардын товарларын Кыргызстанга тоскоолдуксуз, салык төкпөстөн алып өтүүгө жардам берип, ар бир жүк ташуучу унаадан 3 миңден 10 миң сомго чейин пара алып жүргөнү белгилүү болгон.

Аны менен катар, Салмак-габариттик көзөмөл пунктунун кызматкерлери дагы ашыкча жүктү текшербей, ар бир унаадан эки миң сомдон алыпжүргөнү аныкталган. Шектүүлөр кармалып УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Тема боюнча:

УКМК товар жеткирүүчүлөрдөн пара опузалоого шектеп салык кызматкерлерин кармады

УКМК: Жазаларды аткаруу кызматынын улук кызматкери пара опузалоого шектелип кармалды