Ишкерден пара алууга айыпталган Бишкектин экс-вице-мэри Азамат Сагындык уулу айыпка жыгылды

Азамат Сагындык уулу

Бишкектин Биринчи май райондук соту «Коррупция» беренеси боюнча айыпталып жаткан борбор калаанын мурдагы вице-мэри Азамат Сагындык уулуна 260 миң сом айып салды. Аны менен бирге соттолгон Бишкек мэриясынын бухгалтери «А.М.кызы» 220 миң сом айып төлөйт.

Эмне болгон?

2021-жылдын июль айында УКМК кызматкерлери тарабынан Бишкек мэриясынын Жер ресурстары башкармалыгынын бухгалтери кармалган. Атайын кызмат шектүү «мурда алынган 6 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү параны ишкерге кайтарып берүү учурунда» кармалганын кабарлаган.

Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы

Тергөөнүн жүрүшүндө бухгалтер Сагындык уулуна каршы көрсөтмө берип, анын эртеси күнү вице-мэр камакка алынган.

Өкүмдөгү маалыматка ылайык, Сагындык уулу Түгөлбай-Ата — Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги бузууга жаткан «Ала-Тоо» кафесин сактап калуу максатында ишкерден жалпы 9 миң АКШ доллар пара алган. Буга чейин Бишкек мэриясы Түгөлбай-Ата көчөсүн реконструкциялоо долбооруна ылайык, объектти бузууну чечкен болчу. Ал эми бухгалтер «А.М.кызы» ортомчу болгон.

Бирок вице-мэр Сагындык уулу маселени чече албай, «Ала-Тоо» кафесинин ээсине башка муниципалдык жерди берүүнү сунуштаган. Бирок ишкер буга макул болбой, акчаны кайтарууну талап кылган. Ал эми «А.М.кызы» ишкерге паранын бир бөлүгүн кайтарып жаткан учурда күч органдары тарабынан кармалган.

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө Сагындык уулу жана «А.М.кызы» тергөө менен кызматташууга макулдугун беришкен. Ал эми сот аларды «Коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп таап, айып пул салды. Ошондой эле сот пара катары берилген 6 миң долларды мамлекеттин пайдасына өндүрдү.

Азамат Сагындык уулу борбор калаанын вице-мэри кызматына 2020-жылдын декабрь айында дайындалган. Ага чейин ал Бишкек мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын башчысы, ошондой эле Жер ресурстар башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.

Азамат Сагындык уулу шаардын вице-мэри катары шаар куруу, архитектура жана жер маселелерине жооптуу болчу. Ал 2021-жылдын сентябрь айында ээлеген кызматынан бошотулган.