Сеидбек Атамбаев атасынын өмүрүнө коркунуч жаралып жатканын айтты

Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы президенттин уулу Сеидбек Атамбаев атасынын өмүрүнө коркунуч жаралып атканын айтты. Бул тууралуу эл өкүлү парламенттин 30-марттагы пленардык жыйынында билдирди.

«Анын [Атамбаевдин] өмүрүнө коркунуч бар. Эч качан Алмазбек Шаршенович өзүнүн өмүрүнө кол салбайт. Эгер башын сындырып алса, же тамакка какап өлүп калса, мен түзмө-түз ушул бийлик Атамбаевге кол көтөрдү деп эсептейм», — деп билдирди эл өкүлү.

Ошондой эле ал мурдагы президент кийинки аптада башка колонияга которулушу мүмкүн экенин да айтты.

«Өткөн жумада №47 колонияга бардым. Чындыгында ал жаракат алыптыр. Ошондуктан, урматтуу коллегалар, бул ишти жөн койбошубуз керек. Депутаттык комиссия түзүп, ар бир фракциядан бирден депутат ошол ишти карап чыгышы керек», — деди депутат.

Атамбаевди күч колдонуп «айдап келүү»

23-мартта Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча кезектеги соттук отурум өткөн. Ал жакка унаадан чыгып, процесске катышууга каршылык кылган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди мажбурлап алып киришкен. Жыйынтыгында Атамбаевдин абалы начарлап кеткени үчүн кайрадан колонияга алып кетишип, сот отуруму 30-мартка жылган.

Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев Атамбаев өзүн начар сезип жаткандыктан сот отурумуна катышуудан баш тартып арыз жазганына карабай аны мажбурлап сот отурумуна алып келишкенин билдирген. Анын айтымында, күзөтчүлөр «Алмазбек Атамбаевди бөлмөсүнөн колониянын кар турган плацына ич кийимчен, колу-бутунан кармап сүйрөп чыгып», күч менен автозакка салышкан.

Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборунун кызматкерлери 24-мартта мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен жолугуп, анын колунан жана бутунан көгала тактарды байкашкан.

«Атамбаев көгала тактарды медициналык каттоодон өткөртүү сунушунан баш тартты», — деп билдиришкен борбордон.

Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборунун кызматкерлери колониянын жетекчилигинен мурдагы президенттин камерасынын кире беришинин тушунда жайгашкан көзөмөл камеранын видеосун дагы берүүнү суранышкан. Бирок колониядан серверге кире алышпасын айтып, видеону берүүдөн баш тартышкан.

Кийинчерээк ЖАК өз кызматкерлери мурдагы президентке эч кандай күч колдонуп же психологиялык басым кылбаганын, ал сот отурумуна катышпай коюу үчүн жаңжалдуу жагдай жараткан деп билдирген. Ошондой эле ЖАК 23-мартта Алмазбек Атамбаев медициналык жардам сурап кайрылбаганын да айткан.

Тема боюнча окуңуз:  Садыр Жапаров: Мага кыянат кылгандардын баарын кечиргем

«Майдаланба, президент айкөл болушу керек». Алмазбек Атамбаев Жапаровго жооп берди