«Майдаланба, президент айкөл болушу керек». Алмазбек Атамбаев Жапаровго жооп берди

Алмазбек Атамбаев / Садыр Жапаров

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 28-мартта өлкө башчысы Садыр Жапаровдун «Кой-Таш окуясы» боюнча соттук отурум боюнча билдирүүсүнө жооп берди. Атамбаевдин кат түрүндөгү жообун адвокаты Замир Жоошев Фейсбук барагына жарыялады.

Жапаров 25-мартта Фейсбукка Атамбаевдин Бишкектин Биринчи май райондук сотундагы отурумуна катышуудан баш тартканын сындап пост жазган. Анда өлкө башчысы Атамбаевди сотко катышып «ак экенин далилдөөгө» үндөп, убагында «мен да соттон качкан эмесмин» деп жазган. Атамбаев 23-марттагы соттук отурумга «ден соолугуна байланыштуу» катышкан эмес.

Анын эртеси күнү Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборунун кызматкерлери Атамбаев менен №47 колонияда маектешкен. Мурдагы президент борбордун өкүлдөрүнө колониянын кызматкерлери аны тыш кийими жана бут кийими жок көчөгө сүйрөп чыгып, сотко алып келишкенин айтып берген.

Мурдагы президент Атамбаев Садыр Жапаров буга чейин ал тууралуу «бир топ ушак сөздөрдү сүйлөгөнүн» айтып, «мындан ары калп айтпоого» чакырды. Ошондой эле Атамбаев «сотко барганда деле эчтеке өзгөрбөйт» деп, кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотуу иши боюнча 11 жылга кесилгенин эске салды. Атамбаевдин айтымында, анын жаш курагында бул «өмүр бою эркинен ажыратууга барабар».

«Садыр иним! Мен соттон качкым келсе, мага биринчи иш козголгондо эле 2018-жылы качып кетмекмин*. Ошондо атайын самолёт келгенде мен аны менен Москвага учуп барып, досторума рахмат айтып, “мен качып кетсем болбойт, уят болот” деп, кордук көрүп, камаларымды билсем да кайра учуп келгем Кыргызстанга. А сен болсо, Садыр иним, 2013-жылы Караколдогу чуулганду окуя боюнча иш козголгондо, соттон коркуп, тарапташтарыңды таштап качып кеткенсин чет элге**. Анан мен бийликтен кетерде, 2017-жылы кайра келип, соттолуп кеттиң», — деп жазды Атамбаев.

*Атамбаев 2018-жылы мураскору Сооронбай Жээнбеков менен араздаша баштаган. Ал эми 2019-жылы Атамбаевдин кол тийбестиги алынып, ага карата бир нече кылмыш иши козголгон. Ошондо Атамбаев Кант авиабазасынан атайын бортто Москвага учуп, Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушкандан кийин өлкөгө кайтып келген.

**2013-жылы Каракол шаарында Кумтөр кенин улутташтыруу боюнча митинг өткөн. Анда митингчилер Ысык-Көл облусунун ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алышкан. Күч органдары бул факты боюнча кылмыш ишин козгогон, ал эми Садыр Жапаров негизги шектүүлөрдүн бири болгон. Бирок Жапаров 2013-жылдын октябрь айында чет өлкөгө чыгып кеткен.

Кененирээк окуңуз: УКМК Жапаровдун барымтага алуу ишин кыскартты — анын соттуулугу жокко чыкты

Ошондой эле Атамбаев прокурорлор жана судьялардын «адилетсиздигин, бети жоктугун көргөнүн» айтып, Садыр Жапаровго буга чейин коюлган «киненин баары жалгандыр» деп божомолдоду. Мурдагы президент аны 11 жылга кескен Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов убагында Жапаровго да айыптоочу өкүм чыгарганын эске салды — Атамбаев өлкө башчыга ага карата адилетсиз чечимдерди чыгаргандарды териштирүүгө чакырды.

Мындан сырткары, Атамбаев ага тагылган айыптарды мойнуна албай, президенттен ырайым сурабай турганын кошумчалады.

«Ырайымды күнөөсүн мойнуна алгандар сурашат. Мага козголгон кылмыш иштердин баары тең чындыкка дал келбейт. “Высосано из пальца” — орусча айтканда. Мезгил аны далилдейт. Мага жашоодон да намыс артык. Абактан өлсөм да, өз жеримде, Кыргызстанда өлөм. Элим узатып коет акыркы сапарга», — деди ал.

Атамбаев учурдагы президент убагында «демократия деп кыйкырып», бирок бийликке келгенден кийин «Кокон хандыгын куруп баштадың» деди. Ошондой эле ал Түркмөнстанда «түркмөнбашы» болгонун айтып, Жапаровго «кыргызбашы болгуң бар» деп кайрылды.

«Сокеге (Сооронбай Жээнбековго — редакция) окшоп мага асылбай, күчүңдү мамлекеттин иштерине, көйгөйлүү маселелерге жумша. Чек ара, жакырчылык жана башка көйгөйлөр толтура. Элди алдайм дегендер өздөрү алданат! Мөөнөтүң көралбастык, өч алуу, майда чүйдө иштер менен билинбей өтүп кетпесин. Алдыңда далай максат турат. Майдаланба. Президент айкөл болуш керек. Бул жалган дүйнөгө алданба. Жараткан сага туура жол көрсөтсүн, жардам берсин! Элибизге, жерибизге ынтымак, берекет берсин!!!» — деп жыйынтыктады катын Атамбаев.

Дагы окуңуз:

Кыйноолордун алдын алуу улуттук борбору: Атамбаевди сотко күч колдонуп алып келишкен