Шайырбек Ташиев: Казынаны толтурабыз деп казино ачкан туура эмес

Шайырбек Ташиев

Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев Кыргызстанда кумарканаларды ачуу демилгесине каршы пикирин билдирди. Бул тууралуу ал 30-мартта журналисттерге курган маегинде айтты.

«“Мамлекетибиздин казынасын толтурат” деп эле ушундай жаман нерселерди ачканыбыз туура эмес. Мен буга каршымын [...] Казынаны башка жол менен да толтурсак болот», — деди ал.

Ташиевдин пикирин депутат Элвира Сурабалдиева да колдоду. Сурабалдиева казинонун кесепетинен жабыркаган үй-бүлөдө көп учурда аялдар азап тартарын белгилеп, буга чейин кумарга азгырылып кеткен балдардын энелери да ага кайрылып жүргөнүн белгиледи.

«Эми аялдардын көз жашы, апалардын көз жашы — бул жөн эле көз жаш эмес да. Канча тагдырлар сынды?! Бул маселени Министрлер кабинети көтөрүп жатат. Бирок мен аларды деле түшүнүп жатам: экономика жагы — “бир топ адамдарды жумушсуз калтырып койдук” деп атышат. Азыр өзгөчө “мигранттарыбыз кайтып келсе жумуш керек” деп атышат. “Экономикабызга салым кошулат, биздин жарандар кирбейт, көзөмөлгө алабыз” деп жатат», — деди Сурабалдиева.

Ошол эле учурда Сурабалдиева казинолордун ишмердүүлүгүнө расмий тыюу салынганы менен алар жашыруун иштеп жатканын билдирди. Эл өкүлү жадагалса кумарканаларды укук коргоо органдары «калкалап жатат» деп кошумчалады.

Кумарканаларды кайрадан ачуу демилгеси

Кыргызстанда 2012-жылдан баштап кумар оюндарына тыюу салынып, казинолор жабылган. Ал эми 2015-жылы – тотализаторлор менен букмекердик контораларга дагы чектөө кирген. Буга кумарканаларга акчасын уттурган жарандардын жакындарынын нааразылыгы жана кумар оюндарына берилген жаштардын саны көбөйгөнү себеп болгон.

Ал эми 2020-жылы бир топ депутаттар Ысык-Көл жана Баткен облустарында чет өлкөлүктөр үчүн казинолорду ачууну демилгелешкен. Ошондой эле депутаттар кыргыз жарандарын оюнга киргизген кумарканалардын ээлерине «50-100 миң долларга чейин айып салуу керектигин» белгилешкен.

2021-жылдын январь айында депутаттар «Ысык-Көл облусунда туристтик оюн-зоок комплексин камтыган адистештирилген административдик район жөнүндө» мыйзам долбоорун коомдук талкууга коюшкан. Анда Ысык-Көлдөгү «Тамчы» аэропортунун аймагында 1200 гектар жерге чет элдиктер үчүн кумар оюндарына уруксат берилген жети көңүл-ачуучу мейманкана борборун курууну демилгелешкен.

Ал эми 2021-жылдын апрель айында Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети мыйзам долбоорун колдоп, парламенттин кароосуна жиберген. Жогорку Кеңеш 21-апрелде мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырган — ага 68 депутат «макул», 23 депутат «каршы» добуш берген.

Дин таануучу жана ошол кездеги муфтийдин орун басары Кадыр Маликов депутаттардын казинолорду ачуу демилгесин колдогонун кескин сынга алган. Маликов мыйзам долбоору биринчи окуудан Орозо күнү кабыл алынганы аны «абдан капа кылган».

«Өкмөт үчүн киреше, казынадагы акча эң негизги болуп, ал эми ал киреше кандай жол менен келип жатканы маанилүү эмеспи? Ошол эле маалда ар бири “Кудай буюрса, Кудай берсин…” жана башка сөздөр менен Кудайга болгон ишенимин көргөзгүсү келип отурат [...] Кумар оюндар – тыюу салынган жана шайтандын ишине тийиштүү», — деген Маликов.

Анткен менен президент Садыр Жапаров депутаттардын демилгесин колдогонун айтып, кумарканалар өлкөнүн бардык аймактарында ачыла турганын айткан.

«Казино маселесин депутаттар демилгелеп киргизген экен, мен колдойм, туура эле болду. Азыр [мыйзам долбоорунда] Ысык-Көл менен Баткенде болсун деп эки жер көргөзүлгөн экен. Мен аппаратка айтып жатам, сунуш киргизип бардык жактарда эле [уруксат] бергиле — Бишкекте, облус борборлорунда», — деген Жапаров.

Жапаров казинолор ишмердигин жүргүзүү үчүн 1-1,5 млн долларга лицензия алып, андан сырткары ар бир стол менен автоматка салык төлөшөрүн айтып, казинолордун ачылышы бюджетке пайда гана алып келет деген оюн билдирген. Анын айтымында, казинолорго Кыргызстандын жарандарына кирүүгө тыюу салынат, ал эми чектөөнү бузаган казино ээлерине айып салынып, лицензиялары тартылып алынат.

Үстүбүздөгү жылдын 28-мартында Экономика жана коммерция министрлиги «Оюн-зоок иши жөнүндө» мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыккан. Анда кумарканалардан сырткары тотализатор, чет элдиктерге букмекердик контора жана залдардын, ошондой эле оюн автоматтарынын ишмердүүлүгүн кайрадан мыйзамдаштыруу сунушталган.

Министрлик бул «инвестицияларды тартууну стимулдаштыруу жана бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө» жакшы шарт түзөт деп эсептейт. Экономика министрилиги бул мыйзам долбоорун «кечиктирилгис» катары — кезексиз тартипте дароо үч окуудан кароону сунуштаган.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бул демилгени колдоп, туристтер «шайтандын коштоосунда он күн бир нерсени жегенден көрө» ушинтип көңүл ачканы «жакшы» деп билдирген. Жапаровдун болжолу боюнча, кумарканалардын ишмердүүлүгүнөн Кыргызстандын бюджетине жылына 2,5 млрд сом түшөт.

Дагы окуңуз:

«Казино, арам, президент». Ысык-Көлдө кумаркана ачуу мыйзам долбоору талаш жаратты

Жапаров: Казинону Кыргызстандын бардык аймагына ачабыз

Акылбек Жапаров чет өлкөлүктөр үчүн кумарканаларды ачуу демилгесин колдоду