«8 млрд метр кубга жетпейт». Акылбек Жапаровдун тапшырмасына карабай «Токтогул» толгон жок

«Электр станциялары» ААКы 1-апрелге карата Токтогул суу сактагычындагы суунунун көлөмү 7, 849 млрд метр кубду түзгөнүн билдирди. Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров мартта Токтогул ГЭСине иш сапары менен барып, 1-апрелге карай 8 млрд метр кубдан кем эмес көлөмгө чыгуу тапшырмасын берген.

Учурда суу сактагычка келген суунун көлөмү секундасына 173 куб метрди түзөт, чыгымы — секундуна 151 куб метр. Сутка ичинде суунун көлөмү 1,91 миллион метр кубга көбөйдү.

Мурдараак Энергетика министрлиги 2022-жылдын 1-апрелине чейин Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7 млрд метр кубга чейин азайышы мүмкүн деп болжогон. Суу сактагычка жалпы 19,5 млрд метр куб суу батат, ал эми эң аз дегенде 5 млрд метр куб болушу керек. Мындай минималдуу көлөм «өлүк деңгээл» болуп эсептелет.

Кыргызстандын энергетикалык тармагы 2021-жылы эң эле масштабдуу энергетикалык кризиске учурады. Мунун негизги себеби катары бийлик аймактагы суунун тартышыгын атап жатат. Мындан улам «Токтогул» суу сактагычында суу тартыш болууда.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан энергетикалык кризистен 2024-2025-жылдарга барып гана чыгарын билдирген.

Тема боюнча: 

«Токтогулдагы» суунун көлөмү соңку жылдары эң эле төмөнкү көрсөткүчкө жетти