Таалайбек Касымбеков Баткен облусунун прокурору болуп дайындалды

Таалайбек Касымбеков

Башкы прокурор Курманкул Зулушев 28-мартта Таалайбек Касымбековду Баткен облусунун прокурору кылып дайындады. Бул тууралуу «Клоопко» мекеменин басма сөз кызматынан 5-апрелде билдиришти.

Касымбеков буга чейин Башкы прокуратуранын Ички коопсуздук жана ички иликтөөлөр башкармалыгынын башчысы кызматын аркалаган.

Баткен облусунун мурдагы прокурору Нуркамал Набиев Лейлек районундагы Жаны-Жер айыл өкмөтүндөгү жерлерди мыйзамсыз менчиктештирүү чырынан улам кызматтан алынган. Аны менен бирге Лейлек районунун прокурору Жуманазар Асатов жана Сүлүктү шаарынын прокурору Курсан Халмурзаев отставкага кетишкен.

Ыдырыс Исаковдун иликтөөсү

Буга чейин журналист Ыдырыс Исаков Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Турабай Бостонов тууралуу үч иликтөө жарыялаган. Анда жергиликтүү тургундар Бостонов айыл өкмөт башчысы болуп турганда айыл элине бөлүнө турган жерлерди өзүнө жана үй-бүлө мүчөлөрүнө каттатып алганын айтып нааразы болушкан.

Жергиликтүүлөрдүн сөздөрүн Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Бекжан Жалилов жана айылдык кеңештин төрагасы Саатбек Эгембердиев да тастыкташып, Бостоновго байланыштуу документтерди беришкен. Ошондой эле иликтөөдө Бостоновду облус прокурору Нуркамал Набиев «калкалаганы» айтылган.

23-мартта Башкы прокуратура Турабай Бостоновдун мыйзамсыз аракеттери боюнча териштирүү башталганын билдирген.

Көп өтпөй, Жаңы-Жер айылынын тургундары айткан маалыматтарды тастыктаган Саатбек Эгембердиев, Бекжан Жалилов жана мекеменин учурдагы жооптуу катчысы Акжол Абдуллаев «коррупцияга» шектелип прокуратура тарабынан кармалганы белгилүү болгон.

Аткаминерлер кармалгандан кийин алардын тарапташтары Раззаков шаарында митингге чыгышкан. Митингчилер ошондой эле Бостонов менен байланышы бар делген облустук прокурор Нуркамал Набиевдин отставкасын талап кылышкан болчу.

ТЕМА БОЮНЧА:

Баткенде жер чырынан улам үч прокурор кызматынан алынды

ЖМКга каршы дооматтарды караган комиссияга журналист Ыдырыс Исаковдун үстүнөн арыз түштү