ЖМКга каршы дооматтарды караган комиссияга журналист Ыдырыс Исаковдун үстүнөн арыз түштү

Журналист Ыдырыс Исаковдун үстүнөн Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Турабай Бостонов арыз жазды. Бул маалыматты «Клоопко» ЖМКга каршы дооматтарды караган комиссиянын мүчөсү Асел Сооронбаева тастыктады.

Сооронбаева арыз ээси Исаков жарыялаган материалдар анын «беделине шек келтирип жатканын айтып, материалдагы ар бир фактыны төгүндөп берем» деп билдиргенин белгиледи.

«Арызда “президент Жапаровго, Ташиевге, Жогорку Кеңештин депутаттарына, прокуратурага, акыйкатчыга жана ЖМК өкүлдөрүнө” деп жазылуу экен. “Ыдырыс Исаков жарыялаган эки видео репортаждагы ар бир фактыны мен төгүндөй алам” деп айтып жатат. Бул маалыматтар анын беделине, абийирине шек келтирип, ден соолугуна доо кетирип жатканын айтты», — деди комиссия мүчөсү.

Сооронбаева ЖМКга каршы дооматтарды караган комиссия Бостоновдун арызын жакын арада карай турганан кошумчалады.

«Мен ал кишиге Этикалык кодекстин негизинде гана карай турганыбызды, себеби комиссиянын максаты эки тарапты элдештирүү экенин түшүндүрдүм. [...] Азырынча видео материалдарды көргөнгө мүмкүнчүлүк боло элек, бардык комиссия мүчөлөрү карап чыккан соң, жыйын өткөрүп, эки тарапты чакырып, элдештиргенге аракет кылабыз», — деди ал.

Кайсыл материал тууралуу сөз болуп жатат?

Ыдырыс Исаков жарыялаган видеонун скриншоту. 

Үстүбүздөгү жылдын 14-мартында иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаков «Баткендин Березовскийлери» аталыштагы сюжет жарыялаган. Анда Лейлек районунун Бешкент айыл өкмөтүнүн башчысы Бекжан Жалилов журналистке Жаңы-Жер айылындагы «жер тилкелери мыйзамсыз бөлүштүрүлгөнү» тууралуу айтып берген. Видеодо Турабай Бостоновдун аты да аталган.

Эртеси күнү Исаков «Баткенди байырлаган “бардак”» аталыштагы экинчи иликтөөсүн чыгарган. Анда жургиликтүү тургундар Турабай Бостонов айыл өкмөт башчысы болуп турганда тургундарга бөлүнгөн жерлерди «өзүнө жана үй-бүлө мүчөлөрүнө каттатып алганын» айтып нааразы болушкан. Видеодо Бостоновдун «мыйзамсыз көрүнүштөрү» тууралуу Бекжан Жалилов менен бирге Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасы Саатбек Эгембердиев да айтып берген. Жалилов менен Эгембердиев ар кайсы убакыттарда Жаңы-Жер айыл өкмөтүн жетектеген.

Ыдырыс Исаков Турабай Бостонов жерлерден сырткары Жаңы-Жердеги мал базар, гараждар, май куючу жай, унаа токтотуучу жай, кампа жана бала бакчага ээлик кыларын айткан — мурдагы аткаминер жалпысынан «55 объектти менчиктештирген». Исаков аткаминер бул объектилерди кызматка келгенге чейин мамлекеттен «50%дык арзандатуу менен 10 жылга мөөнөтүн жылдырып алып», көп өтпөй анын ичинен эки бала бакчаны кайрадан мамлекетке кымбат баада сатып жибергенин ачыктаган.

*«Политклиника» басылмасынын маалыматына караганда, Турабай Бостоновдун үй-бүлөсү Арка айылындагы үч май куюучу жайга ээлик кылат. Ошондой эле журналисттер анын уулу Тыныбек Бостонов жана күйөө баласы Алмаз Айдаров Башкы прокуратурада иштегенин билдиришкен.

Ошондой эле тургундар Лейлек районундагы бийлик өкүлдөрү Бостонов менен тыгыз байланышта экенин, «анын этегине намаз окушарын» айтышкан. Мындан сырткары, иликтөөдө Бостоновду Баткен облусунун прокурору Нуркамал Набиев «калкалап жатканы» да айтылган.

Ал эми 23-мартта Башкы прокуратура Исаковдун сюжетинин негизинде текшерүү жүрүп жатканын маалымдаган. Көп өтпөй, Жаңы-Жер айылынын тургундары айткан маалыматтарды тастыктаган Саатбек Эгембердиев, Бекжан Жалилов жана мекеменин учурдагы жооптуу катчысы Акжол Абдуллаевди прокуратура кармаганы белгилүү болгон.

Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн Аялдар кеңешинин төрайымы Зулайка Турдуева Эгембердиев менен Жалилов мурдагы айыл өкмөт башчы Турабай Бостоновдун мыйзамсыз аракеттери тууралуу айтып чыкканы үчүн кармалганын айткан.

24-мартта Лейлек райондук прокуратурасы Баткен облустук прокуратурасы Эгембердиев менен Жалилов Жаңы-Жер айыл аймагында социалдык объектилерди курууда «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга» шектелгенин билдирип, бирок иштин чоо-жайын ачыктаган эмес. Кийинчерээк аларга «Коррупция» беренеси менен айып тагылган. Лейлек райондук соту Эгембердиев жана Жалиловду 3-апрелге чейин камакка алган, ал эми Абдуллаев үй камагына чыккан.

Аткаминерлер кармалгандан кийин алардын тарапташтары Раззаков шаарында митингге чыгышкан. Митингчилер ошондой эле Бостонов менен байланышы бар делген облустук прокурор Нуркамал Набиевдин отставкасын талап кылышкан.

Ал эми 26-мартта облус прокурору Набиев, Лейлек районунун прокурору Жуманазар Асатов жана Сүлүктү шаарынын прокурору Курсан Халмурзаев ээлеген кызматынан бошотулганы белгилүү болгон.

30-мартта Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн мурдагы башчылары Саатбек Эгембердиев жана Бекжан Жалиловдун тарапташтары Башкы прокуратуранын алдына нааразычылык акциясына чыгышкан. Чогулгандар Эгембердиев жана Жалиловдун кармалышын «негизсиз» деп атап, аларды бошотууну талап кылышкан.

Тема боюнча:

Лейлек: Жаңы-Жер айыл өкмөтүндөгү мыйзамсыз менчиктештирүүнү айтып чыккандар кармалды

Лейлектин Жаңы-Жер айылынын тургундары Башкы прокуратуранын алдына митингге чыкты