БШК Шайлообек Атазовго депутаттык мандат тапшырды

Шайлообек Атазов. Сүрөт: БШК

Борбордук шайлоо комиссиясы Шайлообек Атазовго депутаттык күбөлүк жана төш белги тапшырды. Бул тууралуу 6-апрелде БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Атазов үстүбүздөгү жылдын 27-февралында өткөн кайра шайлоодо бир мандаттуу №29 Свердлов округунан жеңүүчү деп таанылды — ага шайлоочулардын 18,10%ы добуш берген.

Ал эми Боршайком буга чейин Свердлов шайлоо округунан эң көп добуш алган Абдурахманхажи Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгарып, анын добуштарын жараксыз деп тапкан. Буга Муртазалиев менен байланышы бар эки аял «добуш сатып алууга» шектелип жатканы негиз болгон.

Муртазалиев Боршайкомдун чечимин сотко даттанган, бирок Жогорку сот анын доо арызын канааттандырган жок.

Шайлообек Атазов

Атазов кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону. Ал 2010-2015-жылдары Ош шаардык кеңешинин депутаты болгон. Ошол эле учурда Атазов Ош шаарындагы «Унаа токтотуучу жайлар, унаа гараждары» дирекциясын, «Ош-Тазалык» ишканасын жана «Жүргүнчү транспорту» агенттигин жетектеген.

Спортчу таасирлүү Матраимовдор үй-бүлөсүнүн жакын адамы болуп эсептелет. Атазов 2018-жылдан тарта Руслан Матраимов жетектеген EREM спорттук клубунда башкы машыктыруучу болуп иштеп келет.

Ал эми 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыккан парламенттик шайлоого Атазов Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык делген «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен катышкан.

2021-жылдын 18-февралында УКМК бажы кызматынын төрагасынын экс-орун басары Райымбек Матраимовду «Кылмыштуу кирешелерди адалдоого» шектеп кармаган. Мындан улам Атазов алгач Бишкекте, кийинчерээк Ошто Матраимовду бошотуу талабы менен митинг уюштурган.

Матраимов кийин «Коррупция» боюнча күнөөлүү деп табылып, 260 миң сом айыпка жыгылган.

Шайлообек Атазов 2021-жылдын 7-мартында «Ата Мекен» фракциясынын Жогорку Кеңешке депутат болуп келген. Ошондой эле ал 2021-жылы өткөн парламенттик шайлоого №8 Төлөйкөн шайлоо округунан катышып, бирок Нурбек Алимбековго жеңилип калган.

Дагы окуңуз:

Шайлообек Атазов эң көп добуш алган талапкерди «добуш сатып алууга» айыптады

«Жеңилгенди билбейт». Юрист Атазовдун үстүнөн арыз жаза турганын билдирди

БШК Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгарды. Спортчу чечимди сотко даттанат