БШК Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгарды. Спортчу чечимди сотко даттанат

Абдурахманхажи Муртазалиев

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке шайлоодо №29 Свердлов шайлоо округунан эң көп добуш алган спортчу Абдурахманхажи Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгарып, шайлоодон четтетти. Мындай чечим БШКнын 9-марттагы отурумунда кабыл алынды.

Муртазалиевдин талапкер катары каттоосун жокко чыгарууга анын үгүтчүлөрү делген аялдардын үстүнөн «добуш сатып алуу» фактысы боюнча козголгон кылмыш иши негиз болду. Шектүүлөр Фарида Талипова жана Лолахан Смаилова 21-февралда кармалып, алардын жанынан 210 миң сом табылган.

Бишкек ШИИББден шектүүлөр Муртазалиевдин пайдасына иштегенин белгилешкен. Бирок талапкер өзү бул айыптоону четке каккан.

Кылмыш иши тергелип сотко өттү

Фарида Талипова жана Лолахан Смаилова. Сүрөт: Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматы

Отурумга катышкан Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын бөлүм башчысы Октябрь Макамбаев шектүүлөр Фарида Талипова жана Лолахан Смаилованын иши тергелип, сотко өткөрүлгөнүн билдирди.

Макамбаевдин айтымында, Талипова талапкер Муртазалиев менен байланышын төгүндөгөн. Анткен менен тергөө маалында Талипова талапкердин атасы Шамиль Муртазалиев менен 5-февралдан 21-февралга чейин «252 жолу телефон аркылуу байланышканы» аныкталган.

Шамиль Муртазалиев «ЭкоИсламикБанктын» директорлор кеңешмесинин мүчөсү. Тергөө Талипова Муртазалиевдин кеңсесине да бир нече жолу барганын тастыктаган.

Ошондой эле милициядан Талипова талапкер Муртазалиевдин ишенимдүү адамдары Жоомарт Пайзиллаев, Данил Люгай жана Акмалидин Орунбаев менен «тыгыз байланышта экенин» белгилешти. Мындан сырткары, Макамбаев WhatsApp’тагы жазышууларга таянып, Талипова жана Пайзиллаев «38 миң сом» тууралуу сөз кылышканын айтып, бирок бул акча эмнеге жумшалганын ачыктаган жок.

Ал эми Бишкек ШИИББдин ыкчам кызматынын башчысы Асхат Муратканов экинчи шектүү Лолахан Смаилова күнөөнү мойнуна алып, Муртазалиевдин пайдасына добуш сатып алганын ырастаганын билдирди. Мындан сырткары, Муратканов шектүүгө каршы дагы төрт киши көрсөтмө бергенин белгиледи. Ал эми Смаилова шайлоочуларга акча таратуу үчүн каражаттарды Талиповадан алганын айткан.

«Лолахан Смаилова Фарида Талиповадан акча алгандан кийин өзүнүн ишенимдүү адамдарына, башкача айтканда домком жана квардалдык комитет башчыларына “бир добушка 2,5 миң сомдун 500ү силердики” деп берип жаткан убакытта биз кармап жатабыз [...] [Смаилова] өзү да “мен добуш сатып алуу үчүн акча алганмын” деп жатат. Бирок Фарида өз көрсөтмөсүндө “мен таксистмин, менин шайлоого, саясатка тиешем жок, бул үй-бүлөнү [Муртазалиевдерди] өмүрүмдө көргөн эмесмин” деп жатат», — деди Муратканов.

«Каралоо аракети»

Ал эми отурумга катышкан талапкер Абдурахманхажи Муртазалиев «добуш сатып алуу» боюнча кылмыш ишин «аны каралоо аракети» деп атады. Ошондой эле Муртазалиев иш анын расмий ишенимдүү адамдарына жана өкүлдөрүнө карата козголбогонун белгиледи.

Ошондой эле Муртазалиев добуш сатып алуу менен алектенгенин төгүндөп, «эгерде тергөө Фарида Талипова менен байланышымды далилдесе талапкерлигимди өзүм алам» деди.

*4-мартта Фарида Талипова басма сөз жыйын куруп, №29 Свердлов округунан башка талапкер Элнура Алканованын адамдарынан 450 миң сом алганын билдирген. Ал эми Алканова бул маалыматты четке кагып, Талипованын үстүнөн милицияга арыз жазган.

Ал эми Боршайком Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгаргандан кийин ал бул чечимди сотко даттана турганын билдирди.

28-февралда Бишкектин №27 Биринчи май жана №29 Свердлов округдарында шайлоо өткөн. Анда экс-депутат Элвира Сурабалдиева жана спортчу Абдурахманхаджи Муртазалиев жеңишке жетишкен. Свердлов округунан экинчи орунду алган экс-депутат Шайлообек Атазов митингге чыгып, Муртазалиевди «добуш сатып алууга» айыптаган.

Ал эми юрист Таалайгүл Токтакунова Атазовдун үстүнө укук коргоо органдарына арыз менен кайрылаарын билдирген. Токтакунова экс-депутат Муртазалиевди «негизсиз айыптап жатат» деп эсептейт.

ТЕМА БОЮНЧА:

Шайлоо-2022: Милиция Муртазалиевдин эки үгүтчүсүн «добуш сатып алууга» шектеп кармады

Элнура Алканова добуш сатып алууга шектелген аялдын үстүнөн арыз жазды

Шайлообек Атазов эң көп добуш алган талапкерди «добуш сатып алууга» айыптады