Лейлек району менен Сүлүктү шаарына жаңы прокурорлор дайындалды

Кубанычбек Алимов / Эрмек Болотбеков

Баткен облусунун Лейлек районуна Кубанычбек Алимов, ал эми Сүлүктү шаарына Эрмек Болотбеков прокурор болуп дайындалды. Бул тууралуу «Клоопко» Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка башкы прокурор Курманкул Зулушев 26-28-мартта кол койгон.

Алимов буга чейин Чүй облусундагы Чүй районун прокурору болгон. Ал эми Болотбеков Нарын облусунун прокурорунун улук жардамчысы кызматын аркалаган.

Буга чейин, 5-апрелде мекеменин басма сөз кызматы Баткен облусунун прокурорлугуна Таалайбек Касымбеков дайындалганын кабарлаган болчу.

Баткен облусунун мурдагы прокурору Нуркамал Набиев Лейлек районундагы Жаны-Жер айыл өкмөтүндөгү жерлерди мыйзамсыз менчиктештирүү чырынан улам кызматтан алынган. Аны менен бирге Лейлек районунун прокурору Жуманазар Асатов жана Сүлүктү шаарынын прокурору Курсан Халмурзаев отставкага кетишкен.

Алар Башкы прокуратура Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Турабай Бостоновдун «мыйзамсыз аракеттерин» териштиргенден кийин кызматтан кетишкен. Буга чейин журналист Ыдырыс Исаков Бостонов тууралуу иликтөө жарыялаган болчу.

Ал эми Башкы прокурор Курманкул Зулушев Набиев «этиканы бузгандыгы үчүн» кызматтан алынганын айткан. Ошондой эле Зулушев прокурорлор президенттин жарлыгына ылайык ротацияланганын белгилеген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Баткенде жер чырынан улам үч прокурор кызматынан алынды

Таалайбек Касымбеков Баткен облусунун прокурору болуп дайындалды