ЖК мамлекеттик сатып алуулар сайтында тендер өткөрбөөгө жол берген мыйзам долбоорун кабыл алды

6-апрелде Жогорку Кеңеш үчүнчү окууда «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү» мыйзам долбоорун кабыл алды. Документ мамлекеттик компанияларга мамлекеттик сатып алуулар порталында тендер өткөрбөөгө жол берет.

Мыйзам долбоорун Министрлер кабинети демилгелеген. Мыйзамдын долбооруна ылайык, акцияларынын 50% же андан көбү мамлекетке таандык болгон акционердик коомдорго тиешелүү болот. Документте коммерциялык сырды сактоо максатында, сатып алуулардын тизмесин жана компаниянын өзүн Министрлер кабинети аныктаары айтылат.

Каржы министринин орун басары Улугбек Календеров документти талкуулоо учурунда 2021-жылы мамлекеттик компаниялар дээрлик 28 млрд сомго сатып алууларды жүргүзүшкөнүн айтты.

Буга депутат Дастан Бекешев мыйзам кабыл алынса коррупция гүлдөй баштайт деп жооп берди.

«Биз 28 млрд сомду чийип салалы деп жатабыз. Коррупция, болгондо да өтө катуу гүлдөйт. Биз 90-жылдарга кайтып калышыбыз мүмкүн», — деди Бекешев.

Календеров мамкомпанияларды мамлекеттик сатып алуулар порталында тендер өткөрүүдөн бошотуу чечими алар жеке фирламалар менен атаандаша албагандыктан кабыл алынганын айтты.

«Биз сунушту эске алып, ишканалардын сатып алуу процедураларын Министрлер кабинети бекитет деген жобону киргиздик», — деп кошумчалады аткаминер.

Мамлекеттик сатып алуулар, парламент аталган мыйзам долбоорун кабыл ала электе коррупциянын бейиши деп эсептелчү. 2021-жылы «Клооптун» журналисттери бардык мамлекеттик тендерлер мамлекеттик сатып алуулар порталы аркылуу өткөрүлгөнү менен конкурстар тууралуу маалыматтардын көпчүлүгү кол жеткис бойдон калып атканын аныкташкан.

Журналисттер мамлекеттик мекемелер бюджеттик каражаттарды ачык-айкын керектешпейт, көзөмөл органдары буга жыл сайын көз жумуп коёт деген бүтүмгө келишкен.

Тема боюнча окуңуз: «Бир кесим самын 2500 сом». Ала-Бука райондук ооруканасынын күмөндүү сатып алуулары