«Алтын кум» пансионатында каза болгон Станислав Ситниковдун иши кыскартылды

Сүрөт: ӨКМдин басма сөз кызматы

Ысык-Көл райондук соту өткөн жылы жайында «Алтын кум» пансионатынын аквапаркында каза болгон 18 жаштагы Станислав Ситниковдун өлүмү боюнча кылмыш ишин кыскартты. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы 8-апрелде билдирди.

Маалыматка ылайык, чечим 2021-жылдын 20-декабрында кабыл алынган. Буга жабырлануучу тарап айыпталуучу Айдар Текебаев менен жарашуу жөнүндө макулдашуу түзгөнү негиз болду.

Станислав Ситниковдун өлүмү

Станислав Ситников

Ситников 2021-жылдын 27-июлунда «Алтын кумдагы» аквапаркта каза тапкан. Аны суу соруучу насостун диаметри 50 см болгон түтүкчөсү соруп кеткен. Куткаруучулар анын сөөгүн алып чыгуу үчүн экскаватор менен кумду казып, түтүкчөнү кескен.

18 жаштагы баланын өлүмү коомчулукта резонанс жаратып, милиция «Этиятсыздыктан киши өлтүрүү» жана «Колдонуучуларга коркунуч жаратуу» беренелери менен сотко чейинки өндүрүштү баштаган.

Бул иш боюнча тергөөнүн жүрүшүн президенттин Ысык- Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев жеке көзөмөлүнө алган. Ал арада Мамэкотехинспекциянын Ысык-Көл району боюнча башкармалыгы Текебаев аквапаркты «өз билемдик» менен орнотуп алганын билдирген.

Тергөөнүн жүрүшүндө аквапарктын ээси Айдар Текебаев аттракционго суу соргуч насостор орнотулган жерге белги берүүчү жана коргоочу тосмолорду орнотпогону аныкталган. Ошондой эле тергөөнүн жыйынтыктаган документте, ишкердин аттракциону коопсуздук чаралары көрсөтүлгөн технологиялык документациясы жок иштегени да айтылган.

«Өндүрүш процессин көзөмөлдөөнү камсыз кылган аспаптардын болуусу жана иштөө системасы камсыздалган эмес, суу аттракционунун насостук түтүгү коопсуздук жабдыгы тосмолор менен курчалган эмес, суу аттракционунун башкаруу системасы жок болгон», — деп айтылат документте.

Кырсыктардын кесепетин жоюу боюнча да план түзүлгөн эмес. Тергөөнүн бүтүмүндө Текебаев мыйзам бузууларды жоюу боюнча эч кандай чара көрбөй, аттракционду иштеткенин улантканы жазылган.

Кийинчерээк Текебаевге карата «Керектөөчүлөр үчүн коркунуч түзүү» беренеси менен айып тагылганы белгилүү болгон.

Дагы окуңуз:

«Куткаруучулар болгон эмес». Аквапаркта каза болгон Станиславдын жакындары арыз-муңун айтты