Мурдагы Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Тажикстанга элчи болуп дайындалды

Эрлан Абдылдаев Кыргызстандын Тажикстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу 12-апрелде президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Эрлан Абдылдаев.

Бул кызматты 2018-жылдан бери Жаныш Рустенбеков аркалап келген. Рустенбековду ушул жылдын 2-февралында президент Садыр Жапаров мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу кызматынан бошоткон.

55 жаштагы Эрлан Абдылдаев Казакстандын Алматы шаарында туулган. Ал 1989-жылдан тарта Тышкы иштер министрлинин ар кайсы бөлүмдөрүндө иштеп, 2012-жылдын 2018-жылга чейин Тышкы иштер министрлигин жетектеген.

Абдылдаев 2020-жылдын июль айынан бери Германияда элчи болуп иштеп, ушул жылдын февраль айында кызматынан бошотулуп, анын ордуна Өмүрбек Текебаев дайындалган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Президент Тажикстандагы элчини мөөнөтү аяктагандыктан кызматынан бошотту

Муса Жаманбаев Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси болуп дайындалды