Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын Германиядагы элчиси болуп дайындалды

Өмүрбек Текебаев

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын Германиядагы элчиси болуп дайындады. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров 3-февралда кол койду.

Аталган кызматты буга чейин Эрлан Абдылдаев ээлеген. Ал элчи болуп 2020-жылдын июнь айында дайындалган болчу.

Текебаевге Германиядагы элчилик кызматы сунушталганын 2021-жылдын август айында бир катар ЖМКлар жазып чыккан. Бирок саясатчы сунуштан баш тартканы кабарланган.

63 жаштагы Өмүрбек Текебаев саясий карьерасын 1991-жылы баштаган — анда ал «Эркин Кыргызстан» партиясынын төрагасы болгон. Ал эми 1994-жылдан тарта Текебаев оппозициячыл «Ата Мекен» партиясынын төрагасы болуп келет.

Ал Жогорку Кеңештин биринчи (1995-2000), экинчи (2000-2005), үчүнчү (2005-2007), бешинчи (2010-2015) жана алтынчы (2015-2017) чакырылыштарынын депутаты болгон. Текебаев саясий карьерасында бийликке оппозиция болуп келген.

Өмүрбек Текебаев 2005-жылы «Жоогазын революциясынын», 2010-жылы «Апрель революциясынын» башында турган саясий лидерлеринин бири.

*«Жоогазын революциясына» ошол учурдагы президент Аскар Акаевдин бийлигин күчөтүүгө алып келген Конституциянын бир нече жолу өзгөрүшү, коррупция жана үй-бүлөлүк-кландык башкаруу себеп болгон. Ал эми «Апрель революциясына» ошол кездеги өлкө башчысы Курманбек Бакиев «Акаевдин жолун улаганы» себеп болгон.

Текебаев 2010-жылы революциядан кийин түзүлгөн Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары жана Конституциялык кеңешменин башчысы болгон. Саясатчы жетектеген кеңешме сунуштаган Конституцияда президенттин ыйгарым укуктары кыскартылып, парламенттин укуктары кеңейтилген.

Ал эми 2020-жылы «Ата Мекен» парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болгон партиялардын арасында болгон. Массалык нааразычылыктар бийликтин алмашуусун шарттаган.

Бийликке келген Садыр Жапаровдун тарапташтары президенттин ыйгарым укуктарын кеңейткен жаңы Конституциянын долбоорун сунуштаган. Ал эми Текебаев эгер президенттик башкарууну жактагандардын сунушу өтө турган болсо «Кыргызстан кудум эле Түркмөнстандын кейпин кийип кала турганын» билдирген.

2021-жылы болуп өткөн кайра парламенттик шайлоодо Текебаев бийлик менен макул болбогон саясатчыларды Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев «коркутуп жатат» деген пикирин айткан. Текебаев төрагачылык кылган «Ата Мекен» партиясы 2021-жылдагы шайлоодо парламентке өтпөй калган.

«Ата Мекендин» тарапташтары шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгонун билдиргенден кийин бир топ кишилер Текебаевге кол салышкан. Көп өтпөй Бишкектин Биринчи май РИИБи «Тоноо» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, саясатчыга кол салып телефонун тартып алууга шектеп бир кишини кармаган.

Текебаев менен Чотоновдун иши

2017-жылы Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов «Коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп табылып, мүлктөрүн конфискациялоо менен 8 жылга кесилишкен. Текебаев орусиялык ишкер Леонид Маевскийге «Мегаком» улуттук операторун башкарууга мүмкүнчүлүк берээрин убадалап, андан 1 млн доллар алганы айтылган. Ал эми Чотонов бул иште ортомчу болгонуна айыпталган.

Чотонов да, Текебаев да өздөрүнө тагылган күнөөлөрдү моюндарына албай, ишти «саясий буйрук» деп аташкан. Мындан сырткары алар кылмыш иши бир гана Маевскийдин көрсөтмөлөрүндө негизделгенине нааразы болушкан.

Текебаев 2017-жылы февралда ошол учурдагы президент Алмазбек Атамбаевди сындап жүргөн шартында камакка алынган. Саясатчы Атамбаевдин демилгелерине жигердүү каршы чыгып турган — ал жана анын «Ата Мекен» партиясы 2016-жылдын аягында кабыл алынган Конституциялык түзөтүүлөргө каршы болушкан.

Ал эми 2019-жылы Жогорку сот буга чейинки соттук чечимдерди жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөткөн. Кийинчерээк алар үй камагына чыгарылган.

2021-жылдын апрель айында Бишкектин Биринчи май райондук соту кылмыш ишин кыскарткан. Анткени прокуратура Текебаев жана Чотоновдун күнөөлөрү «далилденбегендиктен» койгон айыптарынан баш тарткан.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Эки дос өлкөнү талашып башкарып жатат». Текебаев өлкөдөгү саясий абал тууралуу

Өмүрбек Текебаев: Биз Садыр Жапаровго оппозициябыз, бирок анын душманы эмеспиз

Текебаев Болот Темировдун кармалышы тууралуу: Бир жолу мага да баңгизат салып коюшкан