Чек ара: Эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрдү, тургундар үйлөрүнө кайта баштады

Лейлек районунун Максат айылынын кире бериши. Сүрөт: Тойчубек Боронбаев/Kloop

УКМКнын Чек ара кызматы 13-апрелге карата кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал «салыштырмалуу туруктуу» деп билдирди. Лейлек жана Баткен райондорунун эвакуацияланган тургундары үйлөрүнө кайта башташты.

Чек ара кызматынан билдиришкендей, 13-апрелге караган түнү саат 03:00дөн 03:55ке чейин Кыргызстандын «Кулунду-автожол» көзөмөл өткөрүүчү жайы менен Тажикстандын «Овчи-Калача-автожол» көзөмөл өткөрмө бекетинин ортосунда Баткен жана Согди облусунун башчылары жолуккан.

Ага эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү жана күч органдарынын башчылары катышкан. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кошумча күчтөрдү жана каражаттарды мурда жайгашкан ордуна кайтарууну көзөмөлдөөгө жана чыр чыккан аймакта делегациялардын жолугушуусун өткөрүүгө макулдашышкан.

Андан соң 13-апрелде саат 11:00дөн 12:30га чейин Лейлек районунун Селкана аймагында Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Согди облусунун башчысы Раджаббой Ахмадзода жолуккан.

Алимбаев өзү жолугушууда мындан мурда кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу боюнча сүйлөшүү жүргөнүн белгиледи.

«Азыркы кезде күч структуралары кошумча күчтөрдү чек арадан алып чыгып жатышат, аскердик прокуратура иликтөө жүргүзүп жатат, милиция кызматкерлери негизги трассаларда биргеликте жумуштарды алып барып жатышат. Биз Согди облусунун башчысы менен элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча сүйлөштүк. Мен Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө болом, жолугушуу күтүлүүдө», — деди облус башчы.

Ошондой эле ал «кырдаал негизинен тынч» деп белгиледи. ӨКМдин басма сөз кызматы 13-апрель саат 12:00гө карата жакындарынын үйлөрүнө өз алдынча эвакуацияланган 17 799 тургундун ичинен 8 687си үйлөрүнө кайтып кеткенин билдирди. Ал эми ӨКМ тарабынан эвакуацияланган Лейлек районунун 544, Баткен районунун 33 тургуну үйлөрүнө кайтышты.

12-апрелде кыргыз-тажик чек арасында кайрадан курал колдонуу менен чыр чыкты. Анын кесепетинен кыргыз тараптан бир аскер жана жай тургун жаракат алды, тажик тараптан бир аскер жаракат алганы айтылды.

КЕНЕНИРЭЭК ОКУҢУЗ:

Баткен жана Лейлек районунун чек арага чектеш айылдарынын тургундары эвакуацияланды

Чек арадан кошумча күчтөрдү жана каражаттарды мурдагы ордуна чыгарып кетүү макулдашылды

Баткен облусунун башчысы: Учурда чек арадагы кырдаал биздин көзөмөлдө турат

Тажикстан Баткен районунда аскерлерди аткылап, кошумча күчтөрдү тартууда

Чек ара кызматы: Тажик тарап Достук айылын миномёт менен аткылады, жаракат алгандар бар