Тимур Файзиев мындан ары «Асман шаары» долбоорун жетектебейт

Тимур Файзиев мындан ары «Асман шаары» долбоорун жетектебейт. Маалыматты «Клоопко» Файзиевдин жардамчысы тастыктады.

Дирекцияга башчы болуп «Асман экологиялык таза шаарын куруу» долбоорунун авторлорунун бири Руслан Акматалиев келди.

Ишкер, Elite House курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев Ысык-Көлгө «Асман экологиялык таза шаарын» куруу боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директору болуп 2022-жылдын январында дайындалган.

Файзиев долбоорду жетектей турганын өткөн жылдын 31-декабрында эле Инстаграм барагында жазган. Файзиев анда «президенттин жана минкабдын төрагасынын» жетекчилиги алдында иштей турганын, ага толугу менен аткаруу функциясы жүктөлгөнүн айткан.

2021-жылдын май айында Файзиевге Бишкектин аймагында жер тилкелерин мыйзамсыз алууда коррупцияга аралашкан жана мыйзамсыз курулуш жүргүзгөн деген шек менен издөө жарыяланган.

Бирок 7-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту бизнесменди эч жакка кетпөө жөнүндө тил каттын негизинде бошоткону белгилүү болгон.

Файзиевди дайындоого карата сын

«Асман экологиялык таза шаарын куруу» долбоорунун авторлорунун бири Руслан Акматалиев «Азаттык» үналгысына маек куруп, Тимур Файзиев жетекчиси болуп дайындалганын сынга алган.

Акматалиев эмне үчүн «долбоорго такыр тиешеси жок адам» жетекчи болуп дайындалып калганын түшүнбөй турганын айткан.«Эки-үч күндө [президент] Садыр Нургожоевич менен сүйлөшөм. Бүт баары [Тимур] Файзиев алдамчылыкка шектелгенин жазып атышат. Инвестор келе жатканда ким менен иштеше турганын текшерет да. Анан алдамчы деген киши менен кантип иштешет?» — деп суроо салган долбоордун автору.

Акматалиев командасынын мээнетин башка адамдар колдонуп кетеби деп дагы кабатырланган. Ал франциялык инвестор ошол тушта мамдирекция жок болгондуктан жеке тарап менен келишимге кол койгонун дагы кошумчалаган.

«Францияда экологиялык шаар салуу боюнча адис бар экен. Ал долбоорду чийип, аны президентке презентация кылмак. Биз Кыргызстанга келсек эле четтетип салышты. "Асманга" убактыбыз, каражатыбыз көп кетти. Биздин мээнетти ушинтип эле жеп коюшабы?» — деген Акматалиев.

Асман шаарынын долбоору

«Асман — келечектеги экологиялык таза шаар» деп аталган пилоттук долбоор 2020-жылдын июлунда эле тааныштырылган. Шаар Ысык-Көлдүн жээгинде — Тору-Айгыр айылынан жогору жана Балыкчыдан 15 км алыста курула турганы айтылган.

Долбоордун авторлору «4 миң гектардык аянтты ээлеген концептуалдык жаңы шаардын курулушуна шаарды оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө кеткен каражаттан аз каражат сарпталат» деп эсептешкен. Ал эми абадан шаардын көрүнүшү комузга окшошу керек.

Авторлордун идеясына ылайык, шаардын өндүрүштүк инфраструктурасы «Акылдуу шаар» классында жогорку технологиялык жактан иштеп чыгууларга негизделип, альтернативдүү энергия булактарын кеңири пайдалануу менен ишке ашырылат.

«Асманда» транспорттун экологиялык таза түрлөрү гана пайдаланылаары айтылууда. Мындан тышкары, жашыл экономика принциптери сакталат.Бийлик долбоор Бишкекти бошотууга өбөлгө болуп, өлкөдө туризмди өнүктүрүүгө жол ачарын билдиришкен.

Авторлордун оюнда, шаар 500 миң туруктуу жашоочуга ыйлайыкталат, ал эми бүтүндөй эко-шаардын өзү 7-10-жылдык мөөнөттө курулмакчы. Экономика министрлиги шаардын курулушун 20 млрд долларга баалаган.