«Тамашоучу» Эмил Токтошев актёр Артур Тойгонбаев экөө тамашалуу делген видео тартышты. Анда аялдарга мусулмандардын Орозо айында кыска юбка кийбөөгө чакырык ташталган.

«Орозодо авария кылбай тургулачы кыздар» деп аталган видеону Токтошевдин Инстаграм барагынан 160 миңден ашуун көрүүчү көргөн. Ал эми шоумендин баракчасында болсо 970 миңден ашык окурманы бар. Бул видео эмне үчүн туура эмес?

Видео эмне тууралуу?

Видео Тойгонбаев машинасын айдап баратып тротуарда кетип бараткан кызды кэтколлго алгандан башталат.


Кэтколл же кэтколлинг (англисче catcall) — бул бейтааныш адамдардын аялдарга карата вербалдык (оозеки) жана вербалдык эмес (оозеки эмес) ыдык көрсөтүүсү. Буга өбүү үндөрүн чыгаруу, аялды коомдук жерлерде мышыкты чакыргансып «кис‑кис‑кис» деп чакыруу аракети кирет.

Бул аракеттер аңдуу, кол тийгизүү, жолду тороо, кармап алып колунан тартуу сыяктуу физикалык түрдөгү ыдыкка өтүп кетиши мүмкүн.


Дал ошол учурда рулдагы Тойгонбаев Токтошевдин машинасын артынан кагат. Шоумен унаасынан түшүп Тойгонбаев эмне үчүн жолду карабай, унаасын кагып салганын териштирүүгө аракет кылат. Буга Тойгонбаев тротуарда кетип бараткан кызды күнөөлөйт, себеби жолду карабай кызды карап алаксып кеткенин айтат.

«Эй, эмне кылдың?» — деп кыйкырат ал кызга.

«Мен күнөлүү эмесмин!» — деп жооп берет кыз.

Бирок Тойгонбаев кыз Орозодо «мындай кийинбеши керек» эле дейт — кыздын кийимин, тагыраагы, кыска юбканы жана такасы бийик туфлисин айткысы келген.

«Кандайча сен күнөөлүү эмессиң? Мен сени карап атып уруп алдым мына муну. Орозодо ушинтип дагы кийинеби?» — деп кыйкырат ал кызга.

Андан кийин актёр Токтошевге унаанын бузулган жерин аны менен эмес, кыз менен сүйлөшүп чечишип алууну айтып машинасына отуруп кетип калат.

Видеонун аягында Токтошев кызды көздөй басып келип, аны баштан-аяк карап, авария маселесин кантип чечише турганын сурайт. Ошону менен видеоролик шаңдуу музыка менен аяктайт.

Бул видеонун эмнеси туура эмес?

Биринчиден, кызды тышкы кийимин карап айыпташкан.

Аялдарды эркектердин ыдыгына кабылган учурда кандайдыр бир башкача кийинип жүрүшкөн деп айыптоо — Кыргызстан үчүн актуалдуу көйгөй. Патриархалдык системада эркектердин аялга көзү түшүп, ага асылуулары үчүн аялдан башка эч кимдин күнөөсү жок айтылат.

Бирок, турмуштун чындыгы көрсөткөндөй, кадимкидей эле кийинген аялдар дагы сексуалдык ыдыктын объектисине айланат.

2018-жылы Токмокто зордук-зомбулуктан жабыркагандарга арналган What Were You Wearing? (Сен кандай кийнип жүрдүң эле?) деген аталышта көргөзмө өткөн. Анда сексуалдык зомбулукту башынан кечирген аялдардын кийими экспонат катары коюлган.

Автор көргөзмө аркылуу зордуктоого аялдын же кыздын кыска шымы, кыска юбкасы же көйнөгүнүн терең кесилген жакасы себеп болот деген калыптанган ойду (стереортипти) жокко чыгаргысы келген. Андагы көргөзмөгө кадимки эле футболка, джинсы, жоолук, халат жана башка ушундай эле кийимдерди кийип жүрүп зордукталган кыздардын жана аялдардын кийими коюлган.

«Атайын кийим жок»: Сексуалдык зомбулуктун курмандыктары кандай кийимчен болушкан?

Экинчиден, кызды кырсыктын болушуна айыпташкан.

Токтошев менен Тойгонбаев видеодо кырсык үчүн жоопкерчиликти кызды кэтколлго алган айдоочуга эмес, тек гана кийиминин айынан кызга жүктөшкөн. Жуз берген окуя үчүн жоопкерчиликти жабырлануучуга оодаруу — зордукчулардын көнүмүш адаты.

Виктимблейминг — бул жабырлануучу кабылган зомбулукка же кылмышка ага карата болгон кордук үчүн анын да жоопкерчилиги каралган көрүнүш. Виктимблейминг көп учурда жабырлануучунун жана анын жакындарынын кайрадан жабыркашына алып келет.

Видеонун авторлоронун жүрүм-туруму — кадимки эле виктимблейминг, жүз берген кырсыкта аялды күнөөлүү кылып көрсөтүү. А бирок бул жерде кыз жабырлануучу, себеби кэтколлингге (ыдыкка) кабылды. Дал ушундай жүрүм-турумдан, коомдун ушундай кабылдоосунан улам ыдык жана асылуулардан жабыркаган аялдар милицияга кайрылгандан коркушат.

Токтошевдин дискриминациялык видеолору

Токтошев — «Тамашоуда» ойногон Оштогу таанымал комик.

Бул Токтошев тартылган дискриминациялык роликтердин биринчиси эмес. 2020-жылы кыз уурдоону пропаганда кылган видеого тартылып, такси кызматын жарнамалоого аракет кылган. Такси кызматы анда кылмыштуулукту нормалдаштырууга аракет кылбаганын, ал эми ролик «тамаша» экенин айткан.

«Бул тамаша» — аялдарды уурдоону кызык көргөн кыргызстандык жарнамачылардын жана куудулдардын жакшы көргөн сөзү. Алсак, ушунун бардыгы, 2021-жылдын ичинде эле аялдарды уурдап, никеге мажбурлоо менен байланышкан иштердин 560 фактысы катталган өлкөдө болуп жатат.

Ал эми Токтошев өзү ал убакта видеосун пропаганда эмес, «тамаша», «юмор» деп атаган. Видеону болсо өчүргөн эмес.

Аялдарды уурдоо

Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча глобалдык индексте (WPS Index) Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң кооптуу өлкө деп саналат. Аталган индексте Кыргызстан аялдардын абалы бааланган 170 өлкөнүн ичинен 97-орунду ээлеген.

Биздин өлкөдө эркектер аялдарды жана кыздарды мажбурлап турмуш куруу максатында уурдап алардын жашоого болгон пландарын талкалашат. Көптөр ала качууну кыргыздын салты деп кылмыштан качышат.

Кыргызстанда кыз ала качуу зордуктоо менен коштолсо, Айзада Канатбекова менен Бурулай Турдалы кызынын окуясы өлүм менен аяктаган.

Бурулай Турдалы кызы

19 жаштагы Бурулай Турдалы кызын 2018-жылы 27-майда Марс Бөдөшов достору менен уурдап кеткен. Алар кармалып, Жайыл РИИБне алып келинген. Ал жерден кыз бычак жеп, кийин кайтыш болгон. Милиционерлер кызды ала качканардын бирөөсү, Марсбек Бөдөшов өлтүргөн деп айтышкан. Алардын айтымында, Бөдөшов Бурулай отурган бөлмөгө кирип келип, бычак сайып, андан өзүнө да кол салган.

Бишкектин райондук соту. Сол жакта — Бурулайды уурдоо жана өлтүрүүгө шектелген Марсбек Бөдөшов. Сүрөт: Бекжан Асылбеков / Kloop.kg

Бөдөшов буга чейин да Бурулайды ала качууга аракет кылган, ал эми анын туугандары кыздын үй-бүлөсүн милицияга арыз жазбоого көндүрүшкөн.

Бөдөшов 20 жылга эркинен ажыратылган, бирок күнөөнү мойнуна алган эмес. Ал эми кызды уурдоого катышкандардын бирөөсү күнөөнү жарым-жартылай мойнуна алган. Кызды өлтүрүүгө жол берген милиция кызматкерлерин жоопкерчиликке тартууга аракет кылышкан — экөө акталып, дагы үчөөнө айып салынган.

«Врач болгусу келген Бурулай». Ала качууга дуушар болгон кыз кантип бычакталып каза тапты?

Айзада Канатабекова мажбурлап никеге тургузуу үчүн 2021-жылдын 5-апрелинде уурдалган.

Айзада Канатбекова

Окуя шаардагы видео байкоочу камерага түшүп калган. Эки күндөн кийин 7-апрелде Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаа табылган. Анын ичинде кыздын жана уурдаган Замирбек Теңизбаевдин сөөгү болгон.

Милиция Теңизбаев кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өз жанын да кыйган деп билдирген. Кийин, Теңизбаев Канатбекованы өлтүрөр алдында зордуктаганы аныкталаган.

Кылмыштын шериктери 6,5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылган, ал эми кызды издөөдө жетиштүү аракет көрбөгөн милиция кызматкерлеринин шалаакылыгы боюнча иш убактылуу токтотулган.

Тема боюнча:

Айзаданы уурдоо. Милиция окуянын чоо-жайын айтып берди

«АПА» ДЕП КЫЙКЫРДЫ!

«Келесоосуңар!» Илим Карыпбеков үй-бүлөлүк зомбулукка аялдарды күнөөлөдү. Бул эмне үчүн туура эмес?

Ырчы Анжелика зомбулук үчүн күнөөнү аялдарга оодарды. Бул эмне үчүн туура эмес? (спойлер: баары)