Бейшеналиев эмне үчүн түндө Исманкуловдун клиникасына барып, адамдарды бекитип кеткенин айтты

18-апрелге караган түнү саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеленалиев «Исманкуловдун Көз микрохирурхиясы» клиникасына келип, адамдарды бекитип кеткен. Бул тууралуу клиниканын башчысы Алмазбек Исманкулов 24.kg басылмасына курган маегинде айтты.

Исманкулов кечинде курулушчулар клиниканын имаратына барчу жолдун баарын, ошондой эле траншеяларды казып кетишкенин, ал эми кечки саат 22:30да белгисиз бирөөлөрдүн коштоосунда саламаттык сактоо министри келгенин айтып берди.

«Ал [Алымкадыр Бейшеналиев] кароолчубузга менен милиционерге имаратка кирип, чыкпагыла, чыксаңар өзүңөргө эле жаман дептир. Оозго алгыс сөздөрдү айткан. Кароолчубуздун башын жулуп, бир жерине тыгам деп коркутуптур. Ар бир сөзүн айта албайм — жазылбай турган сөздөр. Аны [кароолчуну] жана милиционерди камайм дептир», — дейт Исманкулов.

Дарыгер клиниканын эшигин кароолчулары министр кеткенден кийин ачышканын айтты.

«Эмне үчүн түндө 90-жылдардагыдай болуп коркутуп келгенин билбейм. Тиешелүү органдардан Бейшеналиевдин аракеттерине баа берүүнү суранам», — деди Алмазбек Исманкулов.

Министр эмне дейт?

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ооруканага эмне үчүн түндө барып, адамдарды ичинде бекитип кеткенин «Клоопко» түшүндүрүп берди.

«Мен чоочун имаратка барыпмынбы, өзүмдүкүнө бардым да. Бир айдан бери курулушчуларды иштетпей жатышат — адамдар ары-бери эле басып жүрүшөт. Эгер бирөөнүн башына кирпич түшүп кетсе ким жооп берет? Акча кеткен, курулуш болсо токтоп турат», — деди Бейшеналиев.

Министр башкы эшикти эле бекитип кеткенин айтат. Айтымында, имаратта башка эшик бар, адамдар ал жактан деле чыгып кете алышмак.

«[...] Мен госпиталга саат 10-11лер чамасында бардым. Кароолчу мага телефонду берип, Исманкуловдун уулу менен сүйлөштүм, ал билдирүүгө кол койгон. Мен аны [билдирүүнү] сакташ керек экенин айттым, ал бул сөздү атасына жеткирем деп убадалады. Исманкулов мени менен сүйлөшкүсү келбей жүрөт, телефон чалсам албайт. Имаратта аялдар менен эркектер бар болчу. Мен башкы эшикти бекитип кеттим, бирок дагы бир кошумча эшик бар болчу», — деп түшүндүрдү министр.

Бейшеналиев Исманкулов эл министрди жаман көрүп калышы үчүн түрдүү маалыматтарды таратат деп эсептейт.

«[…] Исманкуловду кууп чыгып, нөөмөтчүлөрдү коёбуз деген жаш жигиттерди токтотуп жатам. “Антпегиле, тааныштары көп, тааныштары прокуратурада дага бар” деп жатам. Исманкулов кимдир бирөөгө таянып жатат. Мен болсо баштаганымды токтотпойм. Аягына чыгарам. Мейли мага жаман болсу, мейли кызматымдан ажырап, баарын жоготоюн. Бирок, эл үчүн баарына даярмын», — деп сөзүн жыйынтыктады министр.


Тема боюнча: Саламаттык сактоо министрлиги Исманкуловдун клиникасы жайгашкан имаратты оңдоп баштады