Минкаб Алымкадыр Бейшеналиевге сөгүш жарыялады

Министрлер кабинети саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге сөгүш жарыялады. Маалыматты «Клооптун» журналистине өкмөттүн басма сөз кызматынан ырасташты.

Минкабдан сөгүш берүүгө Башкы прокуратуранын сунушу негиз болгонун билдиришти. Ведомстводон сөгүш жарыялоо жөнүндөгү буйрукка минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров кол койнгонун кошумчалашты.

Министрге берилген эскертүүлөр

Башкы прокурор Курманкул Зулушев 6-апрелде көзөмөл органы минкабга саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди тартип жоопкерчилигине тартуу боюнча сунуш киргизгенин билдирген. Зулушев аткаминер соттор тууралуу туура эмес сөздөрү үчүн сөгүш угушу керек деп белгилеген.

Прокуратура Бейшеналиевге март айында дагы таластыктар тууралуу жана хирург Алмазбек Исманкуловго телефон аркылуу сүйлөшүүдө айткан сөздөрү үчүн эскертүү берген.

Министр элге гана баш иерин, ал эми таластыктар тууралуу айтып жатканда травматолог Сабырбек Жумабеков жөнүндө гана сөз болгонун билдирген.

Кийин министр сөздөрүн туура эмес чечмелешкенин билдирген. Ал мыйзам боюнча жоопкерчилигин президент гана кабыл алат деп айткысы келгенин маалымдаган.

«Менин айткандарымды туура эмес чечмелеп алышат, бул жаңылык эмес. Бирок мындан да сабак алып жатам — оюмду туура айтканды үйрөнүп жатам», — деген министр.

Бейшеналиев акыркы айларда медициналык мекемелердин жетекчилери тууралуу түрдүү билдирүүлөрдү жасап, коомдун нааразычылыгын жараткан.

Нааразы болгон жарандар министрликтин алдына митингге да чыгышкан. Чогулгандар Бейшеналиевди трайбализмге айыптап, саламаттык сактоодогу реформаларын сынга алышкан.

Жарандар Алымкадыр Бейшеналиевдин отставкасын дагы талап кылышкан. Бирок чиновникке карата сындар байма-бай айтылып жатканына карабастан Бейшеналиев кызматын сактап турат.

Тема боюнча: «Урушуп, этиканы сактоонун суранды». Бейшеналиев президенттен эмнеге жеме укканын айтты