Кыргызстандыктар Орусияга аба каттамдары аркылуу гана бара алат

Кыргызстандын жарандарына Орусиянын аймагына аба жолдору аркылуу гана кирүүгө уруксат берилди. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Дипломатиялык өкүлчүлүктөн 11-апрелде Казакстан Кыргызстан, Өзбекстан жана Орусия менен кургактагы чек ара бекеттерин ачканын эске салды.

Бирок, элчиликтен Орусия коронавирус инфекциясына байланышкан эпидемиологиялык кырдаалдан улам кургактыктагы өткөрүү пункттарына киргизилген тыюуларды күчүндө калтырганын белгилешти.

«Кургактагы өткөрүү пунктары аркылуу Орусия Федерациясынан чыгууга гана болот», — деп белгилешти элчиликтен.

Тема боюнча: «Тилегибиз тынчтык». Батыштын санкциялары Орусиядагы борборазиялык мигранттарга сокку урду