Жалал-Абадда аттракциондун отургучу сынып, эки киши ооруканага түштү

Жалал-Абад шаарындагы эс алуу паркында «Клоун» аттракционунун отургучу сынып, эки киши жаракат алды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы маалымдады.

Мекемеден окуя 16-апрель күнү түнкү 23:55 чамасында болгонун белгилешти.

«Сузак районунун жашоочулары — 25 жаштагы жигит менен 18 жаштагы кыз — эс алуу паркындагы аттракционго отурушкан, ошол маалда [аттракциондун] отургучу сынып, кулап кетишкен», — деп билдиришти ОИИБден.

Милициядан жабырлануучулар жаракат алып, Жалал-Абад облустук ооруканасына жеткирилгенин кабарлашты.

«Турмуш» басылмасы облустук оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Мелис Баймуратовго таянып, кыз оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатканын, ал эми жигиттин сөөгү сынып травматология бөлүмүндө дарыланып жатканын жазды.

Окуя «кырсык» катары катталып, учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Жалал-Абад паркындагы баланын өлүмү

Кыргызстандагы аттракцион парктарында кайгылуу окуялар буга чейин да болгон. 2017-жылы Оштогу аттракцион паркында карусель кулап түшкөн. Сегиз адам жабыркаган. Анда Ош ШИИБи «Техникалык каражаттарды колдонуу эрежесин бузуу» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Оштогу бул кайгылуу окуя өлкөдөгү парктарды текшерүүгө түрткү болгон. Ошол эле жылы Сүлүктү жана Баткендеги аттракцион парктары жабылган — алар 20 жылдан бери оңдоодон өткөн эмес. Ошондой эле Бишкектеги «Асанбай» жана «Ата-Түрк» парктарындагы аттакциондор да жабылган.

2020-жылы Жалал-Абад шаарындагы «Токтогул» атындагы паркта «Молоток» деп аталган аттракцион анын жанынан чуркап бараткан баланы коюп кеткен. Ал алган жаракаттарынан көз жумган. Окуя 6-ноябрда болгон.

Ошол учурда милициядан аталган аттракциондун айланасы коопсуздук тосмолору менен тосулбагандыгын белгилешкен. Факт Кылымыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Керектөөчүлөр үчүн коркунуч жаратуу» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Сүрөт: Turmush.