«Элиза үй буюмдары» каржы пирамидасынан жабыркагандар сот иши созулуп кеткенине нааразы

«Элиза үй буюмдары» аталышындагы финансылык пирамидадан жабыркагандар шектүүлөр Элиза Бактыбек кызы жана анын күйөөсүнүн сот иши созулуп жатканына нааразы. Бул тууралуу бир нече киши «АКИпресс» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдиришти.

Алардын айтымында, каржы пирамидасынын ишмердүүлүгүнөн жалпы 46 миңден ашык адам чыгым тарткан.

Маалымат жыйынын уюштурган жабырлануучулар. Сүрөт: «АКИпресс»

Жабырлануучулардын бири Айжаркын Акматова ишти Свердлов райондук соту карап жатканын белгилеп, иш созулуп кеткендиктен төрагалык кылган судьяны алмаштырууну талап кылды.

Акматованын айтымында, Элиза Бактыбек кызы аларга «акчаларын кайтарып берүүнү убадалап үй камагына чыккан», бирок убадасын аткарбай жатат.

«Бизге “Элиза үй буюмдарынын” негиздөөчүсү Элиза өзү “бул жакка 46 миңден ашуун адам тартылган” деп айткан. Андайлар Кыргызстандын бардык жагында бар. Акчаны кайтарып берсин, моралдык зыян үчүн 10 миллион сом төлөп беришин талап кылабыз», — деди ал.

Дагы бир жабырлануучу Толгонай Бокоева Элиза Бактыбек кызы кармалганда «акчаны кайтарып берүү шарты менен» аны бошотууну талап кылып митингге чыкканын билдирди. Бокоеванын айтымында, Бактыбек кызы убадасын аткарган эмес.

Маалымат жыйынынын катышуучулары каржы пирамидасын Элиза Бактыбек кызы жалгыз түзгөн эмес деген пикирде. Алар «Элизанын туугандарынын дагы тиешеси бар» деп эсептешет.

«Элиза үй буюмдары» каржы пирамидасы боюнча козголгон иш

Элиза Бактыбек кызы жана анын күйөөсү.

24 жаштагы Бактыбек кызы жана анын 27 жаштагы күйөөсү 2021-жылдын 27-июлунда «Каржы пирамидаларын уюштурууга» шектелип кармалган. Шектүүлөрдүн үстүнөн «пирмаидага акча салып, алданып калган» ондогон киши милицияга арыз менен кайрылган.

Ошол эле күнү «Элиза үй буюмдары» каржы пирамидасынын 30га чукул мүчөсү РИИБдин имаратынын алдына митингге чыгышкан. Алар «Элиза үй буюмдарынын» жетекчисин бошотууну талап кылышкан жана «ага тиешелүү номурларды мыйзамсыз өчүргөн» деп «Мегаком» уюлдук операторуна наарызычылыгын билдиришкен. Акция эртеси күнү да уланган.

Өткөн жылдын 5-августунда Свердлов райондук соту шектүүлөрдү үй камагына чыгарган. Буга Бактыбек кызынын 1,5 жашар наристеси жана алты айлык боюнда бар болгону негиз болгон. Ал эми анын күйөөсү аларга коюлган айыптарды мойнуна алган. Мындан сырткары «Элиза үй буюмдарынын» акча каражаттары жана электрондук эсептери камакка алынган.

Ал эми 23-сентябрда каржы пирамидага алданган 500гө чукул киши Бишкектин Фучик жана Мессароша көчөлөрүнүн кесилишинде чогулушкан. Милициянын маалыматына ылайык, чогулгандарга «Элиза үй буюмдарынын» өкүлү соцтармактар аркылуу аларга «акчаларын кайратып берүүнү убадалаган». Бирок акчаны кайтарып берүүнү убада кылган адам өзү келбей койгон. Жерине милиция кызматкерлери барып түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн соң алар тарап кетишкен. 30-сентябрда иш сотко өткөрүлгөн.

Тема боюнча:

«Элиза үй буюмдары» каржы пирамидасы боюнча иш сотко өттү