Оппозиция Жапаров жана Ташиевден Темировду куугунтуктоону токтотууну талап кылды

«Бириккен оппозициялык кыймыл» президент Садыр Жапаровду жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди журналист Болот Темировду куугунттуктоону токтотууга чакырды. Бул тууралуу оппозициялык кыймылдын билдирүүсүндө айтылат.

Аны менен катар оппозиционерлер башкы прокурор Курманкул Зулушевден Temirov LIVE’дын командасынын иликтөөсүндө айтылган фактылар боюнча текшерүү иштерин жүргүзүүнү, ошондой эле журналистке жана командасына карата иштерди токуганга тиешеси барларды жоопкерчиликке тартууну талап кылышты.

«Коррупцияга жана мыйзамсыздыкка белчесинен баткан бийлик дайыма эркин журналистиканын оозун жабууга белсенип келген. Бирок андай куугунттуктардын арты эмне менен аяктаганын баарыбыз билебиз. Ага карабастан бүгүн Кыргызстанда жогорку кызматтагы чиновниктердин кылмыштуу пландарын, махинация жана кылмыштуу ойлорун ашкерелеп жаткан журналисттердин эсебин табуу аракеттери көрүлүп жатат», — деп айтылат оппозициянын билдирүүсүндө.

Кыймыл Темиров кысымга кабылып жатканын белгилеп, укук коргоо органдарынын Temirov LIVE командасына карата аракеттерин «бетпактык мүнөзгөө ээ» деп атады.

«Бул эркин ойлонгон, профессионалдык милдетин чын дили менен аткарган журналистти куугунтуктоо жана ага кысым кылуу», — деп айтылат билдирүүдө.

«Бириккен демократиялык кыймыл» — бул кыргыз оппозициясынын жаңы түзүмү, кыймылдын түзүлгөнү 31-мартта белгилүү болгон.

Анын курамында Равшан Жээнбеков, Клара Сооронкулова, Бектур Асанов, Мамбетжунус Абылов, Кеңешбек Дүйшөбаев өңдүү саясатчылар, ошондой эле укук коргоочулар жана активисттер бар. Кыймылдын координатору — Мамбетжунус Абылов.

Темировго каршы козголгон кылмыш иштер

Иликтөөчү-журналист Болот Темиров өзүнө жаңы кылмыш иштери козголгонун 20-апрелге караган түнү билдирген.Темировго каршы үч кылмыш ишинин экөөсү февралда козголуп, ал эми аталган иштер менен Temirov LIVE командасы УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас тууралуу иликтөө чыгаргандан кийин тааныштырышкан.

Алар иликтөөдө Тай-Мурас Ташиевге таандык «Мока Групп» компаниясы «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү» жаңы мыйзам кабыл алынгандан кийин Жалал-Абад облусунда бензин менен камсыздоо боюнча тендерлерди утуп баштаганын айтып беришкен.

Темиров бул кылмыш иштерди журналисттердин тобу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсүнүн «иштерин» ачыкка алып чыгып жатканы үчүн куугунттук кылууда деп атаган.

21-апрелде Бишкек ШИИБи Болот Темировго «Документти жасалмалоо», «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз кесип өтүү» беренелери менен кылмыш иши козголгонун билдирген.

Тергөөнүн версиясына ылайык, Темиров өзүндө орус жарандыгы бар болуп туруп Кыргызстандын жарандыгын алган, ошонжой эле бул фактты эске алганда мамлекеттик чек арадан 50дөн ашык жолу кесип өткөн. Мындан тышкары, милициянын маалыматына ылайык, журналист жасалма аскердик билетти дагы колдонгон.

Милициядан кошумчалашкандай, Темировго карата жаңы кылмыш иштери 2022-жылы январда башталган кылмыш иштерин иликтеп жатып козгошкон.

Январдагы иш журналистке Temirov LIVE’дын кеңсесин тиндигенден кийин козголгон, ошол убакта тинтүүгө спецназ дагы катышкан. Дал ошол тинтүүдө Темировдун шымынын арткы чөнтөгүнөн күч органдары баңгизат деп аташкан шектүү оромду табышкан. Журналист ага оромду салып коюшкан деп билдирген.