«Өпкөбүз өлөт». Бекешев Бишкектин түштүгүндөгү 16 га жерге имарат куруу смогду күчөтөрүн айтты

Депутат Дастан Бекешев президенттик администрациянын жаңы имаратын куруу үчүн казакстандык инвесторго берилет деп пландалып жаткан Түштүк магистралдын жогору жагындагы 16 гектар жерге курулуш иштерин жүргүзүү Бишкекте смогду күчөтөт деп билдирди. Бул тууралуу эл өкүлү Телеграм-каналы аркылуу айтты.

Анын айтымында, смог аллергиялык жана анкологиялык оорулар менен жабыркаган адамдардын санын көбөйтөт. Эл өкүлү президент Садыр Жапаровдун экологиялык коопсуздукту камсыздоо чаралары боюнча буйругу аны ишке ашыруу планы сыяктуу эле аткарылбаганын белгиледи.

«Бюджеттен бир да тыйын кетпейт, бирок өпкөбүз өлөт», — деп жазды эл өкүлү.

Депутат аталган жер тилкесинде курулуш иштери жүрө турган болсо Бишкекте экология маселеси курчуйт деп 19-апрелде эле айткан. Анда ал инвесторго бериле турган шаардын түштүк бөлүгүндөгү аймакка барып, аталган жер «өтө даамдуу жана шилекейди агызат» деп баса белгилеген.

Президент Садыр Жапаров 15-апрелде Бишкекте президенттик администрациянын жаңы имаратын куруунун ордуна инвесторлорго жер берилерин билдирген. Анда ал мындай алмашуу менен мамлекеттик бюджеттен имаратты курууга каражат кетпейт деген эле.

Аталган чечимди кыргызстандыктар жана бир катар саясатчылар сынга алган.

Бишкектеги смог

Шаар тургундары бир нече жылдан бери кышкысын смогдон жабыркап келет. Абаны булгаган негизги булактар — Бишкек ЖЭБи, эскирген автопарк жана көмүр жагып үй жылыткан жеке жеке турак жайлар.

MoveGreen экологиялык кыймылы буга чейин Бишкектеги абанын булганышы боюнча картасын көрсөткөн.

Ал абанын сапатын көзөмөлдөөчү жарандык мониторингдин 14 датчигинен, Кыргызгидрометтин жана АКШ элчилигинин эки датчигинен алынган маалыматтарды изилдеген.

Ага ылайык, картага түшүрүлгөн маалыматтан Бишкекте эң эле булганган аба калаанын түндүк-батыш районунда экенин көрүүгө болот.

Экологдор абанын сапаты ар башка болгонуна Бишкектин төмөн жагында конуштар бар экени себеп болушу мүмкүн дешкен. Ал жакта үйлөрдү жылытуу үчүн көмүр, желим, эски дөңгөлөктөр жана башка таштандылар колдонулган учурлар кездешет.

Тема боюнча:

Бишкек: Депутаттар минкабдын смогго каршы күрөшүү чараларын жетишсиз деп тапты

Ак үйдүн курулушу. Султанбаев айрым адамдар бул теманы «оюн» кылып жатат деген пикирде

Президенттин иш башкармалыгы: 16 га жер боюнча кошумча комиссиялык экспертиза жүргүзүлүүдө