Президенттин иш башкармалыгы: 16 га жер боюнча кошумча комиссиялык экспертиза жүргүзүлүүдө

Bнвесторлорго сунушталган 16 гектар жер тилкеси. Сүрөт: «МедиаХаб»

Президенттин иш башкармалыгы инвесторлорго сунушталган 16 гектар жер тилкеси боюнча кошумча комиссиялык экспертиза жүргүзүлүп жатканын маалымдады.

«Эгер, 16 гектар жердин баасы административдик имараттын иш жүзүндөгү наркынан ашып кетсе, курулуш компаниясы башка зарыл объектилерди куруу боюнча кошумча кызматтарды көрсөтөт», — деп жазылат билдирүүдө.

Башкармалыктын маалыматына ылайык, инвесторлорго бериле турчу 16 гектар жерге шаардын азыркы планына интеграцияланган, өнүккөн инфраструктурасы бар заманбап көп функционалдуу комплекс курулат.

Ак үйдүн жаңы имаратынын курулушу

Өлкө башчы Садыр Жапаров 15-апрелде «Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна түшө турган президенттин администрациясынын жаңы имаратынын курулушуна капсула салган. Кийинчерээк ал курулушка «мамлекеттин бир тыйын акчасы кеткен жок» деп ишендирген.

«Биздин коомчулукка жакшы иш жасасаӊ да, жаман иш жасасаӊ да жакпайсын. Ошол үчүн мурдагылар эч нерсе жасабай эле “жыргап отура берейинчи” деп тажаган сыяктуу?» — деп айтылган президенттин билдирүүсүндө.

Социалдык тармактарда Ак үйдүн курулушу сынга алынып жатканда президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев «бул Кыргызстандын аброюна тийиштүү маселе» экенин билдирген. Султанбаев жаңы жана заманбап имаратта чет элдик делегацияларды «уят болбой» кабыл алууга болот деп эсептейт.

Бирок депутат Дастан Бекешев «16 гектар жер — тыйын эмес, өтө кымбат турарын» айтып, бул маселеде ачык-айкындуулукту талап кылган.

«Жер дагы элдин менчиги жана мамлекеттен бир дагы тыйын кетпейт деп айтууга болбойт. Бишкекете 1 сотых жер 50 миң доллар турушу мүмкүн», — деп Телеграм-каналында жазган Бекешев.

18-апрелде президенттин иш башкаруучусу Тилек Батырканов президенттин администрациясын «ТС ГРУПП» компаниясы курарын айткан. Бул маалыматты компаниясынын башчысы Алмаз Тиленов дагы ырастап, аларды Ак үй курууга казакстандык инвесторлор жалдаганын айткан.

«МедиаХабдын» иликтөөсү

19-апрелде Президенттин иш башкармалыгына караштуу Социалдык-экономикалык жана административдик объектилерди куруу, реконструкциялоо боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчиси Марат Турсунбеков жаңы имараттын курулушун инвесторлор каржыларын, бул үчүн аларга бийлик Бишкектин түштүк аймагынан 16 гектар жер бөлүп берерин тастыктаган.

«МедиаХабдын» журналисттери өз булактарына таянып инвесторлорго берилчү 16 гектар жер Апсамат Масалиев проспектисинин (Түштүк Магистралдын) боюнда, «Ынтымак 2» паркынын каршы тарабында жайгашканын аныкташкан.

Ал эми иликтөөчү журналист Али Токтакунов Жапаровдун Ак үйдүн курулушуна «бир тыйын кеткен жок» деген сөзүн «манипуляция» деп атады.

Анткени журналисттердин эсебинде жаңы Ак үйдүн курулушу үчүн бериле турчу 16 гектар жердин наркы 48 миллиондон 80 миллион АКШ долларын чапчыйт.

Аны менен катар, иликтөөчү журналисттер Ак үйдү куруу боюнча долбоордун башында административдик объектилерди куруу дирекциясынын башчысы Марат Турсунбеков, чет өлкөлүк студенттерди «алдоого» айыпталган ишкер Нургалы Асаналиев, Казакстанда аткезчилик боюнча соттолгон экс-депутат Дамирбек Асылбек уулу турарын белгилешкен.

Тема боюнча:

«МедиаХабдын» иликтөөсү: Жаңы Ак үйдүн курулушуна кимдер тартылды?

Президент жаңы имараттын курулушуна «бюджеттен акча кетпейт» деп ишендирди