Ош: Сөөгү талаадан табылган аялдын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн экспертиза дайындалды

20-апрелде Ош облусунун Кара-Суу районунда сөөгү табылган 22 жаштагы аялдын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн экспертиза дайындалды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

Милициянын маалыматына караганда, аял 14-апрель күнү Алай районунун Жаңы-Алай айылындагы төркүнүнө келген. Жакындары аял келген учурда «кандайдыр-бир көйгөйүн айтып арызданбаганын, денесинде жараат да байкалбаганын» айтышкан.

Маркум ошол эле күнү ата-энесинин үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Анын жакындары бул боюнча эч кимге арыз менен кайрылган эмес.

Ал эми 20-апрель күнү аталган айылга жакын жайгашкан Кара-Суу районунун Ынтымак айылындагы эгин талаадан аялдын сөөгү табылган. ОИИБден бул факты боюнча маркумдун күйөөсү жана жакындары суракка алынарын кошумчалашты.

Буга чейин «Турмуш» басылмасы өздүк булактарына таянып, «алдын ала маалыматтарга караганда аял дары-дармек же уулуу зат ичип каза болгон» деп жазган. Ал облустун Араван районуна турмушка чыкканы айтылган.

Маркумдун артында 2 баласы калды. Учурда ыкчам-тергөө иштери уланып жатат.

Үстүбүздөгү жылдын 18-январында аталган райондун Гүлчө айылындагы дарыядан 71 жаштагы аялдын сөөгү табылган. Аял 12-январь күнү үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголуп, изделип жаткан.

Өз алдынча издеген жергиликтүү тургундар алгач аялдын кийимдерин дарыянын жээгинен табышкан. Маркумдун сөөгү ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Алайда 22 жаштагы кыздын сөөгү табылды, милиция териштирүүнү баштады

Алайда дайынсыз жоголгон 71 жаштагы аялдын сөөгү дарыядан табылды