Чүй районунда жол кырсыгынан эки киши каза болуп, экөө ооруканада

21-апрелде Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 62-чакырымында Тoyota Avensis менен Subaru Outback үлгүсүндөгү эки унаа кагышып, кырсыктан 69 жаштагы эркек киши жана 65 жаштагы аял жеринде каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

ӨКМден кырсыктан жабыркаган дагы эки киши райондук ооруканага жеткирилгенин кошумчалашты.

Ал эми Turmush басылмасы каза болгон эки киши Казакстандын Жамбыл облусунун тургундары экенин жазды.

Үстүбүздөгү жылдын март айында Чүй облусунун Москва районунда жол кырсыгы катталып, эки адам каза болгон.

Маалыматка ылайык, Төлөк айылында Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып даракты сүзгөн. Кырсыктан жалпы алты киши жабыркаган. Эки киши жеринде жан берип, төртөө тез жардам аркылуу райондук ооруканага жеткирилди. Унаадагы жүргүнчүлөр 17-19 жаштагы жаштар экенин кабарланган.

Тема боюнча:

Баткен: Жол кырсыгынан бир киши каза таап, төртөө ооруканага түштү

Чүй облусундагы жол кырсыктан бир адам каза болду