Нарында эки ай мурда дарыяга агып кеткен сегиз жашар баланын сөөгү табылды

Өспүрүмдү издөө учуру. Сүрөт: «Турмуш»

Март айынын башында Нарын облусунун Орто-Нура айылынын Кабак аймагында дарыяга түшүп кеткен сегиз жаштагы баланын денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, баланын сөөгү Нарын суусунун Эмгек-Талаа айылынан өткөн жээгинен табылды. Куткаруучулар баланын сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Үстүбүздөгү жылдын 7-мартында Нарын облусунун Орто-Нура айылында Темирлан Түмөнбаев аттуу өспүрүм өзү теңдүү балдар менен муз тээп жүрүп, тайгаланып Нарын дарыясына агып кеткен. Классташтары аны куткара албай калышкан.

Нарын облустук милициясы өспүрүмдү милиция жана ӨКМдин кызматкерлери, айыл тургундарынан турган атчан жана жөө адамдар издеп жатканын айткан.

Тема боюнча:

Нарында дарыяга түшүп кеткен сегиз жашар бала изделүүдө