Кытайдан аткез жол менен электрондук чылым ташыган ири каналдын ишине бөгөт коюлду

УКМК Кытайда чыгарылган электрондук чылымдарды Кыргызстанга мыйзамсыз алып келип саткан жана Орусияга транзиттик жол менен алып өтүп турган каналдын бети ачылганын кабарлады.

Ведомствонун басма сз кызматынын маалыматына ылайык, 21-апрелде 50 миң доллар опузалап талап кылган, мурда укук коргоо органдарынын кызматкерлери болгон И.М.Н. жана чет мамлекеттин жараны, Орусиянын атайын кызматынын мурдагы кызматкери Э.Н.И. кармалган.

«Кармалгандар Кыргызстанга жана Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттерге сатуу максатында Кытайдан аткезчилик жол менен электрондук чылымдарды алып өтүшкөн», — деп жазылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Бул факты боюнча «Опузалап пара талап кылуу» беренеси менен иш козголуп, иликтөө иштеринин жүрүшүндө «Жунхай» базарынан Кыргызстанга бажыда салык төлөбөстөн ташылып келинген 70 миңден ашык электрондук чылым партиясы табылды. Анын жалпы баасы 200 миң АКШ долларынан ашат.

Учурда бул ишке көзөмөлдөөчү органдардын кызмат адамдарынын катыштыгы бар-жогу жана мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмү аныкталып жатат.

Буга чейин Баткенде Тажикстандан Кыргызстандын аймагына бир жарым тонна жаңгак, нават, суусундук жана кыямды мыйзамсыз алып кирүүгө аракет калган кыргыз жараны кармалган. Чек арачылар талапка баш ийбей качып жөнөгөн унаанын дөңгөлөктөрүнө ок атып токтотушкан.

Тема боюнча:

Баткенде аткезчилик жол менен мөмө-жемиш жана күйүүчү май ташыган айдоочулар кармалды