«Дайыма жолугуп, кеңешип турабыз». Жапаров Ташиев экөөнүн мамилеси тууралуу

Президент Садыр Жапапов «Кабар» улуттук маалымат агенттигине кеңири маек курду. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев экөөнүн мамилеси тууралуу суроого, «мурдагыдай эле» деп жооп берди.


«Мурдагыдай эле, эч кам санабаңыздар. Дайыма өкмөт башчы, министрлер болуп чогулуп, кеңешип, сырдашып турабыз», — деп жооп берди Жапаров.


Жапаров менен Ташиев — үзөңгүлөш эски достордон. Алар бирге «Мекенчил» партиясын түптөшкөн. Ошондой эле 2010-жылы Жогорку Кеңешке «Ата-Журт» партиясынын катарында бирге барышкан.

Эки дос дагы бир эсте калуучу окуяны башынан кечирген — алар 2012- жылы «Кумтөрдү» улутташтырууга арналган митингде Ак үйдүн тосмосун секирип өтүүгө аракеттенгенден кийин кармалган.

2020-жылы октябрь окуяларында тарапташтары Жапаровду камактан бошоткон. Көп өтпөй ал өзүн премьер-министр деп жарыялаган. Кийин Жапаров президенттин милдетин убактылуу аткаруучу кызматын ээлегенде, Ташиевди УКМКнын төрагасы кылып бекиткен.

Жапаров президент болуп келгендер бери Министрлер кабинетинин курамы бир канча жолу алмашты, бирок Ташиев өз кызматында иштеп келет.

Дагы окуңуз: «Революцияны түрмөдөн жасадым». Жапаров «Коммерсантка» эмне тууралуу айтып берди?