«Интригаларды кимдер таратып жатат?». Президент Акылбек Жапаров кызматтан кетпей турганын айтты

Акылбек Жапаров жана Садыр Жапаров. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кызматтан кетпейт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 24-апрелде өзүнүн расмий Фейсбук барагында билдирди.

«Ушундай ушак кептерди, интригаларды кимдер таратып жатат? Алмашпайт эч кандай», — деп жазды ал.

Президент мындай пикирин Кыргызбек Залкарбай атуу Фейсбук колдонуучусунун жазгандарына жооп катары жазды. Залкарбай «минкабдын төрагасы алмашат» деген күбүр-шыбыр кептер болуп жатканын айтып, «жаңы төрага» катары Улукбек Кочкоровду жана Урмат Барктабасовду сунуштаган.

Үстүбүздөгү жылдын февралында президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев да Акылбек Жапаровдун өкмөтү «узак мөөнөттүү иштейт» деп билдирген.

Ал минкабдын алдында «дымактуу тапшырмалар турганын» айтып, ошол эле учурда президентте минкабдын ар бир мүчөсүнүн жоопкерчилигин карап чыгуу укугу бар экенин белгилеген.

Акылбек Жапаров баштаган өкмөттүн курамы 2021-жылдын октябрь айында бекитилген. Жапаровду өкмөт башчылыкка президент өзү сунуштап, ал «2022-жылы казынаны 400 миллиард сомго жакындатам деп убада берди» деп билдирген.