«Мыйзам бузуу жок». Президент Ташиевдин уулунун компаниясы тендерлерди утуп жатканы тууралуу

Президент Садыр Жапаров Жалал-Абадга бензин ташып келүү боюнча тендерлерди Тай-Мурас Ташиевдин компаниясы утуп жатканында мыйзам бузуу жок деп эсептейт. Бул тууралуу Жапаров «Кабар» мамлекеттик маалымат агенттигине курган маегинде айтты.

Тай-Мурас — Жапаровдун жакын үзөңгүлөшү, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу.

Мурдараак Temirov LIVE редакциясынын журналисттери Тай-Мурас Ташиевге таандык «Мока Групп» компаниясы ушул жылдын жаз мезгилинде Жалал-Абадда бензин жеткирип берүү боюнча тендерлерди утуп баштаганын аныкташкан.

Ошол эле учурда, Тай-Мурас Ташиевдин «Мока Групп» компаниясы конкурстун жалгыз катышуучусу болгон.

Жапаров журналисттер жарыялаган маалыматтарды жеке өзү текшерип, Жалал-Абадда азыраак суммага үч тендер өткөрүлгөнүн аныктаганын билдирди.

«Мындай майда суммага эч ким тендерге катышпайт. Миллиарддаган долларларга соода кылган “Газпром” катышмак беле?» — деди президент.

Анын айтымында, муниципалитеттер өздөрү «Мока Групп» компаниясынан тендерге катышууну суранып, бензинди 67 сомдон сатып алышкан. Жапаров май куйуучу жайларда 1 литр бензиндин баасы 69 сом турарын кошумчалады.

«Эгер бул баадан кымбат сатып алса, анда чыгым келтирдиңер деп [компания жетекчилигин] суракка алсак болот эле. Ушул жерде элге бир нерсени түшүндүрүп коёюн. Эгер жогорудагы мамлекеттик мекемелер тендерсиз 67 сомдон эмес, 17 сомдон сатып алса дагы, укук коргоо органдары тендерсиз сатып алгансың деп жоопко тартмак. Анткени тендер деген мыйзам бар», — деди Жапаров.

Жапаров жакында эле «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү» мыйзамга кол койгонун кошумчалады. Президент бул мыйзам мамлекеттик органдарга «баш оору болбой», тендер системасын жоёт деп эсептейт.

Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү жаңы мыйзамга ылайык, компаниядагы мамлекеттин үлүшү 50% же андан жогору болсо, мамлекеттик сатып алуулар сайтындагы тендерге катышпайт. Жапаров сатып алууларды жөнөкөйлөштүрдүк дегени менен жарандык коом бул документке каршы чыккан.

Кайрылууда активисттер жаңы мыйзам кабыл алынса, коррупция көбөйүп, мамлекеттик үлүшү бар компаниялар менен ишканаларды көзөмөлдөө солгундайт деп түшүндүрүшкөн.

Мындан тышкары, активисттер кемчилик катары сатып алуулар жабык өтөрүн, ошондой эле ачык-айкындык жоктугун сынга алып, бизнес коомчулуктун ишенимин жоготот деп белгилешкен.

Тема боюнча: Садыр Жапаров мамлекеттик компанияларга тендер өткөрбөөгө уруксат берген мыйзамга кол койду

Садыр Жапаров: Мамлекеттик сатып алуулар боюнча жаңы мыйзам коррупцияны жок кылат