Кара-Балтада ата-энелер мектеп мугалими окуучу кыздарга ыдык көрсөткөнүн айтып чыгышты

Иллюстративдик сүрөт.

Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы мектептердин биринде ата-энелер дене тарбия мугалими окуучу кыздарга сексуалдык ыдык көрсөткөнүн айтып чыгышты. Ата-энелер комитети мугалимдин жазасыз калганына нааразы.

«Турмуш» басылмасынын маалыматына ылайык, 60 жаштагы дене тарбия мугалими 5-класстын окуучусуна «тийишкенин» кокустан билип калган ата-энелер 27-апрелде чогулуш өткөрүштү.

Тургундардын айтымында, окуучулар кабинетке киргенде мугалим окуучунун мойнунан өөп жатканын көрүшкөн. Кыздын классташтары дароо класс жетекчисине кабарлашкан.

Чогулуштун жүрүшүндө аталган мугалим 1-апрелде 10-класстын окуучусуна дагы ушундай мамиле кылганы белгилүү болду.

«Кыйла эле жашка барып калган мугалим бир нече кызга сексуалдык зомбулук көрсөткөн. Директор бул окуядан кийин дене тарбия мугалимин өз калоосу менен жумуштан кетүүгө аргасыз кылган. Балдардан бул тууралуу ата-энелерине айтпоону өтүнгөн. Балдар көпкө чейин унчукпай жүрүшкөн. Эмне үчүн милицияга арыз жазылып, кылмыш иши козголгон эмес? Ушундан кийин кантип мектеп жамаатына ишене аласың?» — дейт ата-энелердин бири.

Ал эми мектеп директору Кадыржан Коңурбаев ата-энелер комитетинин айтканын четке кагып, окуя болгон күнү кыздардын ата-энесин мектепке чакырганын белгиледи. Анын айтымында, чындыкты жашырууга эч ким аракет кылган жок.

«Мугалимди жумуштан кетүүгө арыз жазууга мажбурлагам. Милицияга мен эмес, ата-энелер өздөрү кайрылышы керек болчу. Ата-энелер арыз жазуудан баш тартышкан. Бул жабыр тарткан кыздар үчүн, аларга мындан да чоң психологиялык травма келтирбөө үчүн жасалган», — деди ал.

Коңурбаевдин айтымында, дене тарбия мугалими күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алган. Ал эми басылма иштен алынган мугалим башка мектепте иштеп жатат деген маалыматтар бар экенин жазды.

Облустук милиция эмне дейт?

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы окуя тууралуу ЖМК жазганга чейин бул боюнча эч ким милицияга кайрылбаганын билдиришти.

Облустук милиция маалымат жарыяланган соң жерине ыкчам тергөө тобу барганын маалымдады. Анда К.Г. аттуу жаран «10-класстын окуучусуна ыдык көсөткөн» дене тарбия мугалимине чара көрүүнү өтүнүп арыз менен кайрылды.

Милиция кызматкерлери өспүрүм кыз дагы сурак бергенин белгилешти. Ал эми 5-класстын окуучусунун ата-энеси мугалимге эч кандай дооматы жок экенин айтып, арыз жазуудан баш тартты.

Чүй ОИИБи Жайыл райондук милициясына сексуалдык ыдык көрсөтүүгө шектелип жаткан дене тарбия мугалимин ички иштер органдарына жеткирүү боюнча тиешелүү тапшырмалар берилгенин кошумчалады.

Буга чейин, январдын башында Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылынын 34 жаштагы тургуну 11 жашар тууганына «сексуалдык ыдык көрсөтүүгө» шектелип жатканын кабарланган.

Ал эми январдын аягында милиция 31-январда жабырлануучунун 64 жаштагы чоң атасы өз жанын кыйганын маалымдаган. Маркумдун жанынан «менин эч кандай күнөөм жок» деп кечирим сураган кат табылган. Эки окуя боюнча тең тиешелүү экспертизалар дайындалган болчу.

Статистикага ылайык, Кыргызстандагы аялдардын 83%ы өмүрүндө жок дегенде бир жолу психологиялык, физикалык жана сексуалдык зомбулукка кабылган. Алардын көпчүлүгү укук коргоо органдарына кайрылышкан эмес.

Тема боюнча:

Арашанда «сексуалдык ыдыкка» кабылганын айткан кыздын чоң атасы асынган абалда табылды

Секс талкуу: Харассмент, сексуалдык ыдык — мындайга кабылбаш үчүн эмне кылыш керек?