Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын бир жылдыгына карата кайрылуу жасады

Өлкө башчысы Садыр Жапаров 2021-жылдын 28-апрелинде башталган кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдын бир жылдыгына карата курман болгондорду эскерип кайрылуу жасады.

Жапаров чек ара жаңжалы эгемендүү Кыргызстандын тарыхында эң кайгылуу, эң оор күндөрдүн бири катары элибиздин эсинде сакталып калганын, бирок бул башка түшкөн оор сыноо элдин ынтымагын чыңдап, кайратын бүлөдү деп белгиледи.

«Элимдин ушундай кыйынчылыктарда мүңкүрөп калбаган, чөгүп кетпеген эр мүнөзү менен асыл сапаттарына мамлекет башчысы катары да, жөнөкөй инсан катары да башымды ийип, таазим кыламын!» — деп баса белгиледи Жапаров.

Ошондой эле, президент Баткен оболусуна өзгөчө макам берилгенин эске салып, аймакты ар тараптуу өнүктүрүү үчүн даярдалган атайын план-программаларга токтолду.

«”Баткен облусунун статусу жөнүндө” мыйзам кабыл алынып, ишке кирди. Мыйзамда Баткен облусунун калкына мамлекеттик органдар тарабынан акысыз же болбосо жеңилдетилген тартипте көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын тизмеси аныкталды. Ошондой эле облустун аймагында туруктуу иштеген, аскердик кызмат өтөгөн жарандарга бир нече артыкчылыктар каралды», — деди Жапаров.

Аны менен катар, Жапаров чек ара маселеси дагы деле курч бойдон калып жатканын айтып, көйгөйдү сабырдуулук, тынчтык сүйлөшүү жолу менен чечүү зарылдыгын белгиледи.

«Куралдуу күчтөрүбүздү чыңдоо максатында өлкөбүздүн тарыхында биринчи жолу республикалык бюджеттен керектүү заманбап аскердик техникалар жана башка жабдыктар сатып алынды. Бул багыттагы иш-чаралар мындан ары да улантылат! Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы талаштуу делген чек ара тилкелери боюнча маселелер дале болсо көйгөй бойдон калууда. Аны чечүү бизден кылдаттыкты, сабырдуулукту жана ырааттуулукту талап кылууда», — деди ал.

Кыргыз-тажик чек арасындагы ири жаңжал 28-апрелде башталып, 1-майга чейин созулган.Эки өлкөнүн чек арачылары бири-бирин жаңжалды баштады деп айыпташкан.

Чек арадагы ок атуудан 36 кыргызстандык каза болуп, 154 адам жабыркаган. Аймактагы социалдык обьектилер, тургундардын үй-жайы өрттөлүп, кыйроого учураган.

Тажикстандын расмий маалыматы боюнча каза тапкандардын саны 19, ал эми жаракат алгандардын саны 87ге жеткен.

Тема боюнча: Мадинанын кошунасы: «Көчөгө карай качышкан экен эле, ошондо аларга ок тийиптир»

Тажикстан чек арадагы куралдуу кагылышууда 19 киши каза болуп, 87 адам жабыркаганын билдирди

Чек арада чыккан чырдан 34 киши каза таап, 173 киши жарадар болду