Талас: Чоң-Капка аймагында айдоочуга кол көтөргөн кайгуул кызматкери иштен алынды

Таласта Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкери жүк ташуучу унаанын айдоочусуна кол көтөргөнү үчүн иштен алынды. Бул тууралуу «Клоопко» Талас облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 26-апрелде милиция кызматкеринин формасын кийген киши жүк ташуучу унаанын айдоочу отурган бөлүгүндөгү адамды башка-көзгө уруп жаткан видео тараган. Анда инспектор сөгүнүп, видеого тарткандарды «тартсын, тим кой» деп айтканын угууга болот.

Бул боюнча милиция иликтөө иштерин жүргүзүп, окуя кыргыз-казак чек арасына жакын Чоң-Капка аймагында болгонун аныкташкан. Ал эми формачан киши Талас ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын өкүлү экени белгилүү болгон.

«Кызматкердин профессионалдык этикасын бузган милициянын капитаны М.М. кызматтан алынды», — деп билдиришти облустук милициядан.

Айдоочуну уруп жаткан кызматкер. Видеодон алынган скриншот.

Аны менен катар Таластагы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын улук инспекторуна катуу эскертүү берилди.

2020-жылы Ош шаарында ИИМдин кызматкери жол талаша кетип айдоочуга травматикалык тапанчадан ок чыгарган. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу чыгып, ок атуучу травматикалык тапанчанын гильзасын тапкан.

Арыз ээсине денесинен алган жараатын аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Ал эми иш Ош шаардык прокуратурасына жөнөтүлгөн.

Тема боюнча:

Чолпон-Атада майнинг-ферма уюштурган мамлекеттик кызматкер иштен алынды