Жалал-Абад милициясы каржылык уюмдардан оолак болууга чакырган видео жарыялады

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы акыркы убакта кооперативдерге алданган адамдардын саны көбөйгөнүн айтып, жарандарды этият болууга чакырган видео ролик даярдады.

Анда кооперативдерди элге таанымал адамдар жарнамалап, ага карапайым адамдар ишенип, көп суммадагы материалдык чыгымга учурап жатканы айтылат.

«Урматтуу жаран! Сиз кооперативке катталууда акча каражаты тез арада колго тиерине ишеним артпасаныз деле болот. Себеби сизге чейин катталган 100гө чейин адамдар бар экенин, алар тиешелүү каражатты алмайынча сизге кезек жетпей турганын эске алыңыз», — деп айтылат видеодо.

Ошондой эле, видео роликте коңшу Казакстанда каржы пирамидасына алданып, көп суммадагы акчасын ала албай калган аял өзүнө өрт койгону дагы мисал келтирилген.

Мындан сырткары, 2022-жылы ар кандай мүлк, турак-жай кооперативдери боюнча 73 кылмыш иши козголуп, андан 139 киши алданып, келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 66 млн 641 миң сом болгону айтылат. Милиция кандайдыр бир каржылык уюмдарга акча салууда сак болууга чакырат.

Кооперативдерге каршы кылмыш иштери

15-мартта Ош шаардык милициясы S-Line турак жай кооперативинин жетекчиси Бактыбек Аалиевди кармаган. Күч органдары ага «Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу» беренеси менен айып таккан.

Аалиевдин үстүнөн 24 киши арыз жазып, тергөө зыяндын өлчөмү 40 млн сомду түзөрүн айткан. Анткен менен Ош шаардык соту зыяндын өлчөмү «туура эмес эсептелгенин» аныктап, жабырлануучулар жети млн сом чыгымга учураганын билдирген. Мындан улам 22-мартта Аалиев үй камагына чыгарылып, алдангандардын нааразычылыгынан улам 17-мартка чейин камалган.

Ал эми 16-мартта Бишкектин Биринчи май РИИБси «Ак-Үй КейДжи» кооперативинин жетекчиси Талант Айтбаевди «алдамчылыкка» шектеп кармаган. Көп өтпөй милиция «Рассвет» жана «Баха-Сыдыгалы» турак жай кооперативдеринин директору Эрмек Нургазиевди «алдамчылыкка» шектеп кармаган — ал 2021-жылдын 9-февралында Бишкек шаарына бир күнгө мэр болууга үлгүргөн. Сот Нургазиевди №1 тергөө абагына киргизген.

22-мартта Ош ШИИБдин астына «Биринчи турак жай кооперативдин» салымчылары митингге чыгышкан. Маалыматка ылайык, кооперативдин үстүнөн 28 арыз түшкөн, ал эми Оштун милициясы «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Ал эми 4-апрелде Ички иштер министрлиги «Ихсан Групп ЛТД» турак жай кооперативине «Алдамчылык» беренеси менен козголгон кылмыш иши козголуп тергөө иштери башталганын кабарлаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бир күн Бишкек мэринин милдетин аткарган Эрмек Нургазиев ТИЗО-1ге киргизилди

Ошто «Биринчи турак жай кооперативинин» ишине нааразы болгон тургундар митингге чыкты

Бишкекте «Ак-Үй КейДжи» кооперативинин башчысы алдамчылыкка шектелип кармалды