Бир күн Бишкек мэринин милдетин аткарган Эрмек Нургазиев ТИЗО-1ге киргизилди

Бишкек мэринин милдетин бир күн гана аткарган ишкер Эрмек Нургазиев Бишкектеги ТИЗО-1ге киргизилди. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Милициядан Нургазиев тергөө иштери аяктаганга чейин камакта болорун белгилешти.

Эрмек Нургазиевдин кармалышы

Эрмек Нургазиев үстүбүздөгү жылдын 18-мартында алдамчылыкка шектелип кармалып, Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Укук коргоо органдары 2019-жылдын жай айларында эле Нургазиевдин үстүнөн жамааттык арыз түшкөнүн билдирген. Арыздануучулар Нургазиев турак жай курулуш кооперативинин төрагасы болуп турганда, мурда сатылган батирлерди кайрадан сатып жибергенин айтып даттанышкан.

Анда келтирилген зыяндын өлчөмү 68 550 долларга бааланган.

Мындан тышкары, милициянын маалыматында Нургазиевдин үстүнөн алдамчылыкка байланышкан дагы 7 арыз келип түшкөнү айтылат. Алардын негизинде келтирилген зыяндын өлчөмү 4700 доллар жана 309 000 сом деп бааланган.

«Бүгүнкү күндө жалпы зыян 7 млн 845 миң 692 сомду түзөт», — деп белгилешти милициядан.

Бирок Нургазиев өзүнө карата коюлган айыпты четке кагып, эч кимден акча албаганын айтууда.

Бир күндүк мэр

Эрмек Нургазиев «ЭММА курулуш» компаниясынын негиздөөчүсү жана башчысы катары белгилүү. 2020-жылдын октябрындагы парламенттик шайлоодо «Кыргызстан» партиясынан талапкер болгон.

Ал 2019-жылы адвокат Ольга Новохатская менен чырдаша кеткен — Нургазиев аялды көптөгөн күбөлөрдүн көзүнчө бетке чаап жиберген. Инциденттин видеосу соцтармактарга тарап кеткен. Жабырлануучу Нургазиев кол көтөргөн учурда кош бойлуу экенин, Нургазиевдин айынан боюнан түшүп калганын айткан.

Бул окуя 2021-жылдын 9-февралында Нургазиев Бишкек мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалганда кайрадан эскерилген. Нургазиев дайындалгандан кийин президент Садыр Жапаров Инстаграм барагында Бишкек шаарынын мэрлигине бейбаштыкка аралашкан адамды коюуга «мүмкүн эмес» деген жеке оюн жазган.

«Албетте, таза, жаш, идеялуу кадрлар көп. Маектеше келсең жүзү жарык, иштемчил көрүнөт. Мурда-кийин бийликте иштебеген, коррупциялык иштерге аралашпаган деп тандаган кадрлардын артында да хулигандык, мүлк талаш иштери бар экен. Ошондуктан, шаардын мэрлигине коюуга мүмкүн эмес», — деген анда Жапаров.

Бир күндөн кийин ошол кездеги премьер-министр Улукбек Марипов Эрмек Нургазиевди Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу кызматына дайындоо тууралуу чечимин жокко чыгарган.

Тема боюнча:

Бишкек мэринин милдетин бир күн аткарган Нургазиев алдамчылыкка шектелип кармалды