Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ооруканадан чыкты

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы Акылбек Жапаров ооруканадын чыкканын билирди.

Маалыматка ылайык, минкабдын төрагасынын ден-соолугу жана абалы туруктуу деп бааланууда.

Акылбек Жапаров 28-апрелде жүрөк оорусу жана кан басымынын төмөндөшүнө байланыштуу Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылган.

Ал эми саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев минкабдын төрагасынын саламаттыгы начарлаганы чарчап, стресс болгонуна байланыштуу экенин билдирген.

Бейшеналиевдин айтымында, минкабдын төрагасы ооруканага 28-апрелде саат 07:30да түшкөн, учурда абалы канааттандыраарлык.

«Мен эртең менен Жапаровду өзүм көрдүм. Анын оорусу стресстен, чарчоодон болот. Ооруканага түшкөндө инфаркт деп ойлогонбуз. Анализдери чыгып, кароо жүргүзүлгөндөн соң, ал оору четке кагылды. Азыр абалы канааттандырарлык» , — деген министр.

Тема боюнча:

«Cтресс болуп, чарчаган». Алымкадыр Бейшеналиев Акылбек Жапаровдун саламаттыгы тууралуу