«Достук» аркылуу 28 тоннадан ашуун кальян тамекисин мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды

Мамлекеттик бажы кызматынан «Достук» өткөрмө пункту аркылуу кальян үчүн тамеки салынган ири аткез жүк алып өтүүгө аракет кылгандар кармалганын маалымдашты.

Маалыматка ылайык, Өзбекстан-Кыргызстан каттамы боюнча бара жаткан унаа токтотулуп, текшерүү учурунда Serbetli маркасындагы кальян тамекиси табылган.

«Документте жүк трикотаж кездеме түрүндөгү товар деп көрсөтүлгөн. Аткез тамеки жүгүнүн жалпы салмагы 28 848 килограмм, болжолдуу наркы 40 миллион сомдон ашат», — деп айтылат Бажы кызматынын басма сөз борборунун билдирүүсүндө.

Факт боюнча келтирилген зыянды аныктоо жана башка декларацияланбаган товарларды аныктоого башытталган иштер жүргүзүлө баштады.

Буга чейин Баткенде Тажикстандан Кыргызстандын аймагына бир жарым тонна жаңгак, нават, суусундук жана кыямды мыйзамсыз алып кирүүгө аракет калган кыргыз жараны кармалган. Чек арачылар талапка баш ийбей качып жөнөгөн унаанын дөңгөлөктөрүнө ок атып токтотушкан.

Тема боюнча:

Баткенде аткезчилик жол менен мөмө-жемиш жана күйүүчү май ташыган айдоочулар кармалды