Түптө 7 жашар баланы коюп, изин жашырган айдоочу кармалды

2-май күнү кечке маал Түп районунун Балбай айылында 7 жаштагы баланы коюп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу 3-майда ИИМдин Жол кыймылынын копсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Исаев билдирди.

Маалыматка караганда, өспүрүмдү койгон айдоочу окуя болгон жерден из жашырып кеткен. Ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө эртеси күнү шектүү катары Каракол-Пристань айылынын 44 жаштагы тургуну кармалды.

«Шектүү күнөөсүн мойнуна алды, ал эми BMW-520 үлгүсүндөгү автоунаа айып короого токтотулду», — деп белгиледи Исаев.

Ушул тапта тергөө амалдары башталды.

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Ош шаарында жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тилкеден өтүп бараткан кызды коюп кетип, окуя болгон жерден изин жашырган айдоочу кармалган.