Селден улам жабылган Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолу бир тараптуу ачылды

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда нөшөрлөп жааган жамгырдан кийинки селден улам жабылган Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолу бир тараптуу ачылды. Бул тууралуу 5-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

ӨКМден учурда оор техниканын жардамы менен кум-шагылга толгон жол тазаланып, кеңейтүү иштери жүргүзүлүүдө.

Кечээ, 4-май күнү кечки саат 21:30 чамасында катуу жааган жамгырдан улам кокту-колоттордон сел жүрүп Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу жолунун 45-50-чакырымына кум-шагыл толуп, жол жабылган болчу.

Сел жүргөн аймактар

3-майда катуу жааган жаандан улам алгач Алай жана Кара-Кулжа райондорунда сел жүргөн. Катуу келген сел аталган аймактардагы көпүрөлөрдү агызып кеткен. Үйлөрдүн короолорун суу каптап, электр мамылары жарактан чыккан.

Алай районундагы Корул дарыясынан келген сел Биринчи-Май айылындагы унаа өтүүчү көпүрөнүн жарымын алып кеткен. Корул айыл аймагын Биринчи-Май, Тогуз-Булак, Олжоке жана Кең-Жылга айылдары менен туташтырган каттам үзүлгөн.

Ал эми Кара-Кулжа районунда Буйга айылынын Беш-Кемпир чегинде кокту-колоттордон түшкөн сел унаа көпүрөнү толугу менен алып кеткен.

Ал эми 4-майда Алай районунда сел жүргөн. Кырсыктын кесепетинен район боюнча 216 турак үйдүн короосуна суу кирип, 32 үйдүн жертөлөсүн каптаган. Аны менен катар, 15 кой, сегиз уй, үч жылкы жоголгон.

Селдин кесепетинен жабыркаган 68 тургун медициналык текшерүүдөн өтүп, үчөө ооруканага жаткырылган.