Ташиев чек ара боюнча өкмөттүк делегациянын туруктуу мүчөлөрү менен жыйын өткөрдү

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстандын өкмөттүк делегациясынын туруктуу мүчөлөрү менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Жыйында кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек мамлекеттик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери талкууланып, Камчыбек Ташиев өкмөттүк делегация Кыргызстандын кызыкчылыгын эске алуу менен иш жүргүзөрүн белгиледи.

«Коңшу мамлекеттердин делегациялары менен сүйлөшүүлөр туруктуу негизде жүргүзүлүүдө», — деп жазылат билдирүүдө.

Жыйындын жүрүшүндө өкмөттүк делегациянын мүчөлөрүнө тапшырмалар берилгени айтылды.

Кыргыз-тажик чек арасы

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 976 чакырымды түзөт — анын 664 чакырымы гана делимитация жана демаркациядан өткөн, калганы такталбаган бойдон турат.

Тактала элек чек ара тилкеси чек арага жакын жайгашкан конуштарында — жер, суу жана чек арадан мыйзамсыз өтүү маселелеринде көптөгөн чыр-чатактардын чыгышына себепкер болот. Акыркы ири жаңжал 28-апрелде башталып, 1-майга чейин созулган.

Ал күнү эки өлкөнүн 150гө чукул жараны бири-бирине таш ыргытышкан. Кыргызстандын чек ара кызматы чырдын чыгышына Көк-Таш айылындагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында Тажикстандын жергиликтүү бийлиги тарабынан видео байкоочу камера орноткону себеп болгонун билдирген.

29-апрелде чыр-чатак курчуп кеткен — чектеш аймактарда миномёт, пулемёт жана автоматтар колдонулган. Эки өлкөнүн чек арачылары бири-бирин жаңжалды баштады деп айыпташкан.

Жаңжалдын кесепетинен 36 кыргызстандык каза болуп, 154 адам жабыркаган. Тажикстандын расмий маалыматы боюнча каза тапкандардын саны 19, ал эми жаракат алгандардын саны 87ге жеткен.

Үстүбүздөгү жылдын 27-январда кыргыз-тажик чек арасына чектеш аймактарда кайрадан чыр чыккан. Тургундар Төрт-Көчө аймагына тажик жарандары келип, таштар менен Баткен — Исфана автожолун тосуп алышканын айтышкан. Тажик чек арачылары болсо жаңжалды кыргыз тарап ырбатты деп билдирген.

Жаңжалдын кесепетинен Баткен районунун кыргыз-тажик чек арасына чектеш айылдардан 1 470 тургун эвакуцияланган.

Кыргыз-өзбек чек арасы

Кыргыз-өзбек чек арасындагы аныкталбаган тилкелердеги суу, жер ресурстарын пайдалануу, чек арадан мыйзамсыз өтүүгө байланышкан чырдан улам айыл-кыштактарда кагылышуулар байма-бай болуп турат.

Кыргыз-өзбек чек арасынын узундугу 1 314 километрди түзөт — 2017-жылдагы ратификациялоо мыйзамына ылайык анын 1 170и такталган болуп эсептелет.

Бирок өткөн жылы 26-мартта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек арасы толугу менен чечилгенин маалымат жыйында билдирген. Ташиев жетектеген өкмөттүк делегация 24-25-мартта Өзбекстандын Ташкент шаарында чек араны тактоо үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Атайын кызматтын башычысы Камчыбек Ташиев жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жетектеген чек ара боюнча маселелерди чечүү боюнча комиссиялар Ташкентте эки тараптуу протоколго кол коюшкан.

Кабыл алынган протоколдор боюнча Кыргызстандын жер-жерлеринде нааразачылыктар жаралып, айрыкча кыргызстандыктар «Кемпир-Абад» суу сактагычынын жээгиндеги 50 гектар жерди коңшу өлкөгө бербөөнү жана протоколду жокко чыгарууну талап кылышкан.

Андан соң Ташиев Ташкентке кайра барууну убадалап, «Кемир-Абад» суу сактачынын жээгинен жер Өзбекстанга берилбейт деген.

Тема боюнча:

Кыргыз-тажик чек арасындагы эң ири куралдуу жаңжалга бир жыл. Хронология

Жапаров кыргыз-тажик чек арасынын 664 километри такталганын билдирди

Камчыбек Ташиев: Кыргыз-өзбек чек арасы 100 пайызга чечилди