Маданият министри манасчы Дөөлөт Сыдыковго бийлик тарабынан басым болгонун төгүндөдү

Маданият министри Азамат Жаманкулов манасчы Дөөлөт Сыдыковго бийлик тарабынан басым болгон эмес деп билдирди. Бул тууралуу ал манасчынын өлкөдөн чыгып кетүүсү жана «Манас айылы» маданий-этнографиялык комплексинин айланасында болуп жаткан абал боюнча комментарий берип жатып айтты.

«Дөөлөт мырзаны чакырып баарын түшүндүрдүм. Ал жерде эч кандай коркутуу болгон эмес. Президент да “Манас бир кишиники эмес. Ага баарыбыз күйөбүз” деп айтпадыбы. Кичинекей жерден бул чоң маселеге айланып кетти», — деди министр «Азаттык» басылмасына берген интервьюсунда.

Ошондой эле, Жаманкулов «Манас айылы» этнографиялык комплексинин аянты өзгөрбөй турганын, анын аймагында оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөрүн кошумчалады.

Мындан тышкары, министр президент Садыр Жапаров Дөөлөт Сыдыковду жолугушууга чакырганын, бирок манасчы баш тартканын айтты.

Манасчынын өлкөдөн чыгып кетиши

5-майда манасчы Дөөлөт Сыдыков үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кеткени белгилүү болгон. Манасчы өзү басым-кысымдан улам «айла жоктон» өлкөдөн чыгып кеткенин билдирип, бирок кенен маалымат берген эмес.

«Эми анын ачык даанасын айтканда деле, мага, үй-бүлөмө тынчтык керек, ошого айткым да келбей жатат [...] Күмөн санаса санай берсин, мен үчүн өз жеримден кетип калыш тамаша эмес же оюнчук эмес да», — деген ал «Би-Би-Си» басылмасына курган маегинде.

Сыдыков азырынча кайсыл өлкөгө чыгып кеткенин ачыктай албасын, Кыргызстанга качан кайтарын билбей турганын белгилеген.

«Манас айылынын» айланасындагы чыр 

Өлкөдөн чыгып кеткенге чейин Сыдыков президент Садыр Жапаров маданият министри Жаманкулов аркылуу «салам дубай» айттырганын айткан. Ал муну «Манас айылы» этно-маданий комплекси боюнча бийликтин аракеттерин сынга алганы байланыштырган. Президенттин администрациясынын басма сөз кызматы «эскертүүлөр» боюнча комментарий беришкен эмес.

Сыдыков «Манас айылынын» аймагында президенттин администрациясынын жаңы имараты үчүн парк куруп, этнокомплексти Бишкектин сыртына көчүрүү аракети болуп жатканын жазган.

Сыдыков ошондой эле «Ысык-Көл» мейманканасын сүрдүрүү менен алектенген компаниянын кызматкерлери «Манас айылынын» тосмосун да мыйзамсыз сүрдүрө башташканын, президенттин администрациясы үчүн комплекстин аянтынан 5 гектар жерди алууга аракеттенишкенин билдирген.

Манасчынын мындай билдирүүсүнөн кийин тымында, президенттин администрациясынын басма сөз кызматы «Манас айылынан» 5 сотых жер административдик имараттын аймагын теңдөө үчүн алынып жатканын билдиришкен.

Кийинчерээк этнокомплекске президент Садыр Жапаров барып, ал жердин аянты кеңейтилип, музей жана үч кабат боз үй куруларын айткан. Бирок 5-майда, өлкөдөн чыгып кеткенден кийин Сыдыков бийликтин айткандары «калп» экенин, этнокомплекстин аянты эбак кичирип кеткенин билдирген.

Тема боюнча: Дөөлөт Сыдыков: Манастын өз жеринде «Манаска» орун жок калган заманга келип калыптырбыз